Иранда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоонун 5-июлда өткөн экинчи турунда жеңишке жеткен Масуд Пезешкиандын инаугурациясы бир жарым айдын ичинде болушу мүмкүн.
Бул тууралуу шайлоону уюштуруу боюнча аткаруу комитетинин мүчөсү Алиреза Салими билдирди.
Буга чейин Ирандын ички иштер министри Ахмад Вахиди Пезешкяндын инаугурациясы, ошондой эле анын жаңы өкмөттү дайындоосу жакынкы аралыкта болорун билдирген.
“Президенттин инаугурация аземине көбүнчө чет элдик коноктор чакырыларын эске алсак, бул процесс белгилүү бир убакытты талап кылат. Экинчи жагынан, инаугурация аземи да даярдыкты талап кылат. Ушул себептен улам, азыркы божомолдор Ирандын тогузунчу президентинин кызматка киришүү жана инаугурация аземи (иран календары боюнча – ред.) мордад айынын биринчи жарымында (22-июлдан 5-августка чейинки мезгилге туура келет – ред.) болот”, – деген Салими.
Анын айтымында, Иран конституциясынын 121-бөлүмүнө ылайык, президент парламентте сот бийлигинин башчысынын жана Конституцияны сактоочулар кеңешинин катышуусунда ант берип, ага кол коет.
Мындан тышкары, парламенттин ички уставынын 202-бөлүмүнө ылайык, президент инаугурациядан кийин эки жумадан кечиктирбестен өз өкмөт мүчөлөрүнүн талапкерлигин парламентке көрсөтүүгө милдеттүү.
Масуд Пезешкян Ирандагы президенттик шайлоонун экинчи турунда жеңишке жетип, 16 миллиондон ашык добушка ээ болуп, өлкөнүн тогузунчу президенти болду. Анын атаандашы Саид Жалили 13,5 миллион добуш алды. Ирандын шайлоо комиссиясынын башчысы Мохсен Эсламинин айтымында, жалпысынан 30 миллион 573 миң 931 добуш саналып, шайлоочулардын 49,8%ы катышты.



















