Eurasiatoday
Жекшемби, 29-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Ирандын жаңы агрессияга жообу мурдагыдан да катуу болот

  • Батыш Азия
  • 20.08.2025 15:51

Loading

Ирандын коргоо министри өлкө азыр мурунку муундарга салыштырганда кеңири мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон заманбап ракеталарга ээ экенин жана эгер Израил жаңы агрессияга барса, алар сөзсүз колдонуларын эскертти.

Mehr News агенттигинин маалыматына ылайык, Тегеранда жашаган чет өлкөлүк аскердик атташелердин тобу шейшемби күнү Коргоо жана Куралдуу күчтөрдүн материалдык-техникалык камсыздоо министри, бригадалык генерал Азиз Насирзадэ менен «22-август – Улуттук коргонуу өнөр-жайы күнү» майрамына карата жолугушту.

Бул жолугушууда бригадалык генерал Насирзадэ Израил Иранга таңууланган 12 күндүк согуштун шейиттерин, айрыкча командирлерди, илимпоздорду, аялдарды, эркектерди жана балдарды эскерип, 22-август Ислам Республикасынын расмий календарында Улуттук коргонуу өнөр-жайы күнү деп жарыяланганын белгиледи. Анын айтымында, бүгүн бул тармак өз алдынчалуулукка, туруктуулукка жана ислам-ирандык таалимге таянып, Ислам революциясынын Лидеринин акылман жетекчилиги астында улуттук коопсуздуктун жана күчтүн негизги тиректеринин бирине айланган.

Тема боюнча

Ирандын лидери: «Басиж» душмандарга сокку уруунун бир да мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбайт

Ирандын лидери: «Басиж» душмандарга сокку уруунун бир да мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбайт

28.11.2026

Министр 12 күндүк согуштун себептери, көрүнгөн жана жашыруун максаттары тууралуу айтып, согуштун башталышынан тартып сионисттик режим АКШнын кеңири саясий, чалгындык, операциялык жана аскердик колдоосуна ээ болгонун, акыры АКШ түздөн-түз бул чабуулдук операцияга катышканын белгиледи. «Биз жакшы түшүнөбүз: АКШдан тышкары дагы бир катар батыштык жана аймактык өлкөлөр сионисттик режимдин коргонуу жана чабуул операцияларына активдүү катышты. Ал эми биз АКШнын мыйзамсыз санкцияларынан улам толугу менен ички мүмкүнчүлүктөрүбүзгө таянууга мажбур болдук», — деди ал.

Ал андан ары өз сөзүн мындай деп кошумчалады: «Так ошол учурда, биз америкалыктар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканда жана алардын алтынчы айлампасын Маскатта улантуу боюнча макулдашканда, сионисттик режим АКШнын колдоосу менен 13-июнь таңга жуук аскердик жана террористтик операцияларды айкалыштырган аба жана ракета соккуларын жасады. Биздин бир катар жогорку аскер жетекчилерибиз жана илимпоздорубуз үй-бүлөлөрү менен эс алып жаткан учурда бул кол салуунун курмандыгы болушту. Алгачкы чабуулдар алыстан, Сирия жана Ирактын көзөмөл системаларындагы боштуктарды пайдаланып жасалды. Бул террористтик операцияда сионисттик режимдин Ирандагы агенттери да колдонулган», — деди Насирзадэ.

Ал белгилегендей, сионисттик режим бул күтүлбөгөн операция жана жогорку жетекчилердин өлтүрүлүшү Ирандын аскердик түзүмүн жана командалык иерархиясын кыйратат деп ойлогон, бирок Ислам Республикасы бул айлакер жана айбандык кол салууга өтө ыкчам жооп берди. «Өзгөчө шарттарды жана географиялык алыстыкты эске алуу менен, жогорку командирлердин кээ биринин курман болгондугуна карабастан, Иран массалык аба жана ракета чабуулдарына каршы туруудан тышкары, ракеталык жана учкучсуз, ошондой эле айкалышкан формаларда жооп соккуларын иштеп чыгып, ишке ашырды», — деди ал.

Насирзадэнин айтымында, Ирандын жооп операциялары бара-бара масштабдуу жана так боло баштаган. «Согуштун башында биздин ракеталардын болжол менен 60%ы сионисттик режимдин жана анын союздаштарынын коргонуу системасын жарып өтсө, согуштун акыркы сааттарында бул көрсөткүч 90%га жетип, ракеталар так максаттарына тийип, коргонуу системаларына олуттуу зыян келтирди».

Ал мындан ары бул салгылашууда Иран биринчи жолу өзүнүн айрым ракеталарын – Fattah, Sejjil жана Kheibar Shekan сыяктуу үлгүлөрүн колдонгонун, бул болсо согуш талаасындагы күчтөрдүн тең салмактуулугун Ирандын пайдасына өзгөрткөнүн айтты. «Биздин ракеталар үчүн болжол менен 150 максат аныкталган жана алардын баарына сокку урулду. Аялдарды, балдарды, илимпоздорду, жарандык инфраструктураны жана медианы бутага алган сионисттик режимден айырмаланып, Ислам Республикасы атайылап оккупацияланган аймактардагы аскердик объектилерди – айрыкча аба базаларын, чалгын борборлорун, илимий-изилдөө борборлорун (анын ичинде Вейцман институтун), Беэр-Шевадагы командалык борборду, “Моссаддын” баш кеңсесин жана Коргоо министрлигин бутага алган», — деп баса белгиледи министр.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: армияираниран-израил согушу
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Катардын мурдагы премьер-министри Ирандын катышуусунда Перс булуңунун саммитин өткөрүүнү жана «Перс булуңунун НАТОcун» түзүүнү сунуштады

Катардын мурдагы премьер-министри Ирандын катышуусунда Перс булуңунун саммитин өткөрүүнү жана «Перс булуңунун НАТОcун» түзүүнү сунуштады

28.11.2026
Ирандын лидери: «Басиж» душмандарга сокку уруунун бир да мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбайт

Ирандын лидери: «Басиж» душмандарга сокку уруунун бир да мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбайт

28.11.2026
Бийликти алмаштыруу же Иранды куралсыздандыруу: Трамп чындыгында эмнеге жетишүүнү көздөп жатат?

Бийликти алмаштыруу же Иранды куралсыздандыруу: Трамп чындыгында эмнеге жетишүүнү көздөп жатат?

27.11.2026
Кувейтте дрон чабуулунан Италиянын эки жараны каза тапты. Иран бул окуяга катыштыгын четке какты

Кувейтте дрон чабуулунан Италиянын эки жараны каза тапты. Иран бул окуяга катыштыгын четке какты

27.11.2026
Иран  өзөктүк программасын токтотууну көздөбөйт

Иран  өзөктүк программасын токтотууну көздөбөйт

27.11.2026
Ирандык генералдын Кытайга күтүүсүз сапары: Вашингтон үчүн кооптуу белгиби же шашылыш сүйлөшүүлөрбү?

Ирандык генералдын Кытайга күтүүсүз сапары: Вашингтон үчүн кооптуу белгиби же шашылыш сүйлөшүүлөрбү?

26.11.2026
Тегеранда үй-бүлөлөрдү коргонууга даярдоочу борбор ишке кирди. Сүрөт

Тегеранда үй-бүлөлөрдү коргонууга даярдоочу борбор ишке кирди. Сүрөт

26.11.2026
Италиялык гезит: Ирандын кемесине Украина сокку урган болушу мүмкүн

Италиялык гезит: Ирандын кемесине Украина сокку урган болушу мүмкүн

26.11.2026
Баяс Турал: «Шахнаме — улуу поэзия гана эмес, улуу тарых дагы» 

Баяс Турал: «Шахнаме — улуу поэзия гана эмес, улуу тарых дагы» 

26.11.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Ирандын лидери: «Басиж» душмандарга сокку уруунун бир да мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбайт

Ирандын лидери: «Басиж» душмандарга сокку уруунун бир да мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбайт

28.11.2026
Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

26.11.2026
Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

26.11.2026
Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

26.11.2026
Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
224 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.