Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Исмаил Багаи Исламабадда Иран менен АКШнын ортосунда жетишилген өз ара түшүнүшүү кризистик фазага киргенине эч кандай шек жок экенин билдирди.
Дүйшөмбү күнү жумалык басма сөз жыйынында ал мындай деп баса белгиледи: “Исламабадда жетишилген өз ара түшүнүшүү] кризистик фазага киргенине эч кандай шек жок. Иран бардык сүйлөшүүлөргө олуттуу жана кылдат мамиле жасап, өз ара түшүнүшүүдөн кийин өз милдеттенмелерин так аткарганын сыймыктануу менен айта алабыз”.
Белгилей кетүүчү жагдай, акыркы жумада Американын армиясы Ирандын аймагына абадан бир нече ирет сокку урууда. Ага жооп катары Иран АКШнын Жакынкы Чыгышта жайгашкан бир нече аскердик базаларына ракеталык чабуул жасады. Ошол эле учурда Ормуз кысыгы аркылуу мунай жана башка жүктөрдү ташыган кемелердин өтүүсү үзгүлтүккө учуроодо.



















