Ирандын тышкы иштер министи Аббас Аракчи Япониянын тышкы иштер министри Ёко Камикава менен телефондон сүйлөштү.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу мамилелерди, ошондой эле аймактык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн диалогду жана пикир алмашууну улантууга басым жасашты.
Камикава маектешин Ислам Республикасынын тышкы иштер министри болуп дайындалышы менен куттуктап, ага ийгиликтерди каалады.
2017-жылдан 2021-жылга чейин Ирандын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп иштеген жана узак убакыт бою өлкөнүн өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдү жетектеген Аббас Арагчи 21-августта Ирандын тышкы иштер министри болуп дайындалган.
Ал 2011-жылы 11-мартта Япониядагы катуу жер титирөөдө жапа чеккен элге Иран Ислам Республикасы тарабынан көрсөтүлгөн жардамга жана ошол күндөрү Иран Ислам Республикасынын Япониядагы элчиси болгон Аббас Арагчинин жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүү аракетин эске салып, ага ыраазычылык билдирди.
2011-жылдын 11-мартында Япониянын борбордук жана түндүк-чыгышында күчү 9 баллга жеткен катуу жер титирөө болгон. Жер титирөө Япониянын Тынч океандын жээгинде катуу цунамиге алып келген. Кеминде 19 759 адам каза болуп, дагы 6 242 адам жарадар болуп, 2 553 адам дайынсыз жоголгон.
Япониянын тышкы иштер министри өз өлкөсүнүн Тегеран менен Токио ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө, ошондой эле Иран Ислам Республикасы менен аймактык кызматташтыкты улантууга болгон каалоосуна ишарат кылып, жаңы доордо кызматташуу жана консультацияларды мындан ары да кеңейтүү үмүтүн билдирди.
Ошондой эле Ёко Камикава ХАМАСтын лидери Исмаил Ханиянын Тегеранда өлтүрүлүшүнөн кийин аймактагы кооптуу кырдаалга тынчсыздануусун билдирип, кырдаалды тынчтандыруу зарылдыгын баса белгилеп, чатакташкан тараптарды сабырдуулукка чакырды.
Аббас Аракчи өз кезегинде Ирандын жаңы саясаты – бүткүл дүйнө, өзгөчө Чыгыш Азия менен алакаларды кеңейтүү экенин белгиледи.
Арагчи Израилдин Газа тилкесиндеги кылмыштарын жана Палестинадагы учурдагы кырдаалды эл аралык деңгээлдеги маанилүү чакырыктардын бири катары баса белгиледи.
Анын айтымында, Тель-Авивдин чагымчыл аракеттери, анын ичинде ХАМАСтын лидеринин Тегеранда өлтүрүлүшү жана Нетаньяхунун согушту кеңейтүүгө болгон жеке мамилеси – аймактагы чыңалуунун күчөшүнүн негизги факторлору болуп саналат.
“Биз аймактагы чыңалуунун күчөшүнөн коркпой турганыбызды көп жолу айттык, бирок Иран Ислам Республикасы Израилден айырмаланып, аймактагы чыңалуунун жана кагылышуунун кеңейүүсүн каалабайт”, – деди ирандык министр.



















