Ирандын Тышкы иштер министри Аббас Аракчи бүгүн, 23-сентябрда, Сауд Аравиянын өкмөтүн жана элин Улуттук күнү менен куттуктады.
Бул тууралуу Ирандын Сауд Аравиядагы элчиси Алиреза Энаяти X социалдык тармагында билдирди.
“Ирандын Тышкы иштер министри Аббас Арагчи Сауд Аравиянын Тышкы иштер министри Фейсал ибн Фархан Аль Саудга куттуктто катын жолдоп, Падышалыктын өкмөтүн жана элин бул өлкөнүн Улуттук күнү менен куттуктады”, – деп жазды Энаяти.
Маалыматка караганда, Аракчи бул билдирүүсүндө Тегеран менен Эр-Рияддын ортосундагы мамилелердин кеңейишин жана тереңдешин баса белгилеген.
Ал ошондой эле Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын 79-сессиясынын алкагында саудиялык кесиптеши менен жолугуп, сүйлөшкөн.
Сауд Аравиянын Улуттук күнү жыл сайын 23-сентябрда 1932-жылы падыша Абдулазиз тарабынан Сауд Аравия Падышачылыгын негиздеген күнү белгиленет.
Бул күн Сауд Аравияда расмий майрам.

















