Иран Ислам Республикасынын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Али Багери 15-июлда Палестина маселеси ошондой эле көп тараптуулук боюнча Коопсуздук кеңешинин жыйынына катышуу үчүн делегацияны баштап Нью-Йоркко келди.
16-17-июлда Коопсуздук кеңешинде министрлер деңгээлиндеги ачык дебат өтөт. Бүгүн көп тараптуу кызматташуу боюнча ачык дебаттар өтсө, эртең Жакынкы Чыгыштагы (Палестина маселесин кошкондо) кырдаал боюнча министрлердин деңгээлиндеги ачык дебаттар өтөт, ага РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров төрагалык кылат.
1-июлдан тарта БУУнун Коопсуздук кеңешинде төрагалык Россияга өткөн. Төрагалык, БУУнун Уставына ылайык, ай сайын Коопсуздук кеңешинин бир мүчөсүнөн экинчисине өтүп турат.
Багери дүйшөмбү күнү кечинде БУУнун Башкы ассамблеясынын төрагасы Дэннис Фрэнсис менен жолугушту.
Тараптар аймактык жана эл аралык маселелерди талкуулашты.
Анын жүрүшүндө Багери Палестинаны колдоо жана Газадагы кол салууларды жана геноцидди токтотуу үчүн резолюцияларды кабыл алып, конструктивдүү иш-аракеттерди жасап жаткан БУУнун Башкы ассамблеясынын аракеттерин жогору баалап, Газадагы геноцидди токтотуу үчүн натыйжалуу аракеттерди дагы көбөйтүүгө чакырды.
Өз кезегинде Дэннис Фрэнсис Ирандын аймактагы конструктивдүү ролун, өзгөчө коңшу өлкөлөр жана аймак менен карым-катнаштарды өнүктүрүү аркылуу аймакта туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуудагы ролун жогору баалады.
Мындан тышкары, Багери Ирандын эл аралык уюмдар менен кызматташуу процессин түшүндүрүп, Башкы ассамблеянын бир тараптуу санкциялар менен күрөшүүдөгү аракеттерин жогору баалады.
Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын төрагасы бир тараптуулукка каршы аракеттердин улантылышын баса белгилөө менен бирге, мындай аракеттер ийгиликтүү болоруна ишеним билдирди.
Ирандын ТИМ башчысы Нью-Йоркко келгенден кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип, ушул тапта Иран Ислам Республикасы Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин дараметин Палестина улутунун укуктарын жана позицияларын коргоо, ошондой эле Израилдин кылмыштарын түшүндүрүү үчүн колдонууга аракет кылып жатканын билдирген.
Ал Газада акыркы 9 айдан бери ачык кылмыш жана геноцид жүрүп жатканын айткан.
Белгилей кетсек, Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Али Багери Кани ТИМ башчынын милдетин аткаруучу болуп мурдагы тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдоллахиан авиакырсыкта каза болгондон кийин дайындалган.

















