Иран башка кызыкдар өлкөлөр менен бирге келечекте БРИКСке ишенимдүү өнөктөш боло алат. Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдоллахиан Түштүк Африкада БРИКСке мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйынында билдирди.
“БРИКС” – бул биринчи кезекте кызматташтыктын жана өнөктөштүктүн достору, бир сөз менен айтканда “көп векторлуулуктун достору”. Иран Ислам Республикасы көп тараптуу саясат жаатында алдыңкы өлкөлөрдүн бири”,-деди Абдоллахян.
Анын айтымында, Ирандын БРИКС өлкөлөрү менен эки тараптуу саясий, соода-экономикалык мамилелери абдан жакшы деңгээлде.
“Ирандын БРИКСке мүчө өлкөлөр менен соода жүгүртүүсү 30 миллиард доллардан ашты. Иран жана айрым БРИКС өлкөлөрү катышуучулары болгон көп тараптуу механизмдер маанилүү”, – деп кошумчалады Ирандын тышкы иштер министри.
Ал белгилегендей, Тегеран жакын арада Шанхай Кызматташтык Уюмунун алкагында БРИКСке мүчө үч өлкө, тактап айтканда, Россия, Кытай жана Индия менен мамилесин өнүктүрөт.
Анын айтымында, БРИКС көп тараптуу саясатта Иран Ислам Республикасы үчүн маанилүү максат болуп калышы мүмкүн.
“Ушул себептен улам, биз биринчилерден болуп БРИКСтин алкагында катышууга жана албетте ага мүчө болууга кызыкдар экенибизди расмий түрдө билдиргенбиз. Ирандын бирикменин мүчөлөрүнө сунуш кыла турган нерсеси бар”, – деди министр.
Ал белгилегендей, Иран эл аралык институттарда жана демилгелерде жигердүү катышуу боюнча бай тажрыйбага ээ, толук энергия запастары, транспорттук жана транзиттик тармактары бар; квалификациялуу кадрлары, таасирдүү илимий жетишкендиктери жана эң негизгиси, дүйнөдө адилеттүү тартипти түзүүгө катышууну каалайт.
Белгилей кетсек, Ирандын тышкы иштер министри БРИКСке мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйынына түштүк африкалык кесиптешинин чакыруусу менен катышууда.
2022-жылдын май айында Кытай бийлиги БРИКСти кеңейтүүнү сунуштаган. Кытайдын ТИМи эл аралык уюмдун курамынын өзгөрүшү бирикменин таасирин жогорулатууга жардам берет жана ошондой эле тынчтыкты сактоого салым кошот деп эсептейт.
Ал эми Россиянын президентинин жардамчысы Юрий Ушаков РФ бирикменин кеңейишине оң көз карашта экенин билдирген.
Иран бийлиги 2022-жылдын июнь айында БРИКСке мүчө болуу үчүн арыз бергенин өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин ошол кездеги расмий өкүлү Саид Хатибзаде билдирген.
Ирандын президенти Ибрахим Раиси “Ирандын геосаясий жана геоэкономикалык абалы аны БРИКС үчүн туруктуу жана ишенимдүү өнөктөш кыла алат” деген.
Мындан тышкары, Тегеран уюмга мүчө болгон өлкөлөргө жаңы рынокторго чыгуу жана энергия муктаждыктарын канааттандыруу үчүн өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн берүүгө даяр экенин билдирген.