Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Вашингтон жана анын союздаштары киргизген санкцияларды адамзатка каршы кылмыш катары таанууга чакырды.
“АКШ жана анын шериктери киргизген адамгерчиликсиз санкцияларды адамзатка каршы кылмыш катары таанууга убакыт келди. Санкцияга кабылган өлкөлөр бирдиктүү жана жамааттык жооп кайтарууну иштеп чыгуу үчүн өз аракеттерин координациялашы керек”, – деп жазды Арахчи X социалдык тармагындагы баракчасында.
Арагчи белгилегендей, 1970-жылдардан бери санкциялардан улам жыл сайын 500 000ден ашык адам каза болгон. Алар негизинен балдар жана карылар болгон.
Эске салсак, АКШнын Каржы министрлиги 31-июлда Трамптын администрациясы Иранга карата эң ири санкциялар пакетин киргизгенин билдирген. Жаңы санкциялар 50дөн ашык жеке жана юридикалык жактарга каршы багытталган.














