Ирандык режиссерлордун үч даректүү тасмасы Канаданын Торонто шаарында өтө турган “Hot Docs” 31-Эл аралык даректүү тасмалар фестивалына катышат.
“Eurasia Today” маалымдагандай, фестивалда режиссер Хессам Эсламинин “”Кыял токуучу жана сот” (Иранда жана Францияда тартылган), Нахид Саростанинин “Молланын уулу” (Швецияда жанга Францияда тартылган) жана Рахман Раббани менен Бахман Киаростаминин “Туңгуюк” аттуу даректүү тасмалары көрсөтүлөт.
Кинофестиваль 25-апрелден 5-майга чейин өтөт. Мыкты аталган тасмалардын авторлоруна сыйлыктар тапшырылат.
Hot Docs – Канаданын Эл аралык даректүү тасмалар фестивалы. Ал 1993-жылы негизделген Түндүк Америкадагы эң ири документалдык кинофестивал болуп саналат. Жыл сайын фестивалда дүйнөнүн булуң-бурчунан 200дөн ашык даректүү тасма көрсөтүлөт. Иш-чара жыл сайын Торонтодо өтөт.
Канадалык жана эл аралык сынак программаларынан тышкары, ар бир фестиваль тематикалык программаларды, ошондой эле мыкты жетишкендиктерди жана ретроспективдүү программаларды камтыйт.
Фестиваль профессионалдык өнүгүүнүн толук спектрин, кино рыногундагы акыркы жаңылыктарды камсыздап, коомдук, маданий жана саясий документалдык жанрларда иштеген профессионалдардын ортосунда байланыш түзүүгө көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү берет.

















