Ирандын төрт кишиден турган шахмат командасы дүлөйлөр үчүн 10-Азия оюндарында Иран командасына алгачкы алтын медалды алып келишти.
Дүлөйлөр үчүн X Азия оюндарында ирандык спортчулар алтын медалга ээ болушту.
Ирандын шахмат командасы Найер Голизаде, Зайнаб Голшани, Армин Рахматпур жана Пуриа Жамалиден турат. Алар Иран командасына алгачкы алтын медалын алып келүүгө жетишти.
Буга чейин Иран курамасы төрт коло медалга ээ болгон.
Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында 1-8-декабрга чейин дүлөйлөр үчүн Азия оюндары өтүүдө.



















