Eurasiatoday
Ишемби, 28-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Ирандын шаар калкынын жарымына жакыны ичүүчү суунун тартыштыгына кабылды

  • Батыш Азия
  • 24.07.2025 13:37

Loading

Ирандын шаар калкынын жарымына жакыны ичүүчү суунун жетишсиздиги көйгөйүнө туш болууда.

Бул тууралуу Ирандын мамлекеттик Суу ресурстары компаниясын жетектеген Хашем Амини билдиргенин Tasnim агенттиги жазды.

“Жүргүзүлгөн баалоолордун негизинде 29 провинциядагы 52 шаар — анын ичинде Тегеран, Машхед, Исфахан, Арак, Бендер-Аббас жана Йезд — суу көйгөйүнө туш болууда. Бул Ирандын шаар калкынын жарымына жакыны ичүүчү суунун жетишсиздиги көйгөйүнө туш болгонун билдирет”, — деп жазган ал  кайрылуусунда.

Тема боюнча

Ирандын лидери: «Басиж» душмандарга сокку уруунун бир да мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбайт

Ирандын лидери: «Басиж» душмандарга сокку уруунун бир да мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбайт

28.11.2026

Кайрылууда келтирилген маалыматка караганда, Энергетика министрлигинин расмий маалыматтары боюнча 30 жылга жетпеген убакытта Иранда кайра жаралуучу суу ресурстарынын көлөмү 132ден 90 миллиард куб метрге, башкача айтканда 30%дан ашуунга азайган.

Ошону менен бирге, Амини белгилегендей, өлкөдө сууну керектөөнүн көлөмү өскөн. Өлкөнүн орточо температурасы да акыркы 50 жылда Цельсий боюнча 1,6 градустан ашык жогорулаган.

“Иран азыр суу боюнча эң оор кырдаалда турат; Ирандын табиятынан кургак жана жарым кургак климатынан тышкары, климаттын өзгөрүшү, абанын температурасынын жогорулашы, жамгырлардын азайышы жана калыбына келүүчү суу булактарынын төмөндөшү — жарандарды ичүүчү суу жана санитардык-гигиеналык шарттар менен камсыз кылууну тынчсыздандырган маселеге айлантты”, – деп билдирди Амини.

Ал белгилегендей, компания суу көйгөйүн жеңилдетүү үчүн бир нече долбоорлорду ишке ашырып жатат, бирок эгерде калк суу колдонууну 15–20% үнөмдөбөсө, суу кризисин болтурбоо мүмкүн эмес.

Маалыматка караганда, Ирандын мамлекеттик Суу ресурстары компаниясынын ушул жылдын күн тартибинде өлкөдөгү суу кризисин башкаруу боюнча шаар жана айыл жерлеринде 192 долбоор бар, алардын көбү ишке ашыруу жана пайдалануу стадиясына жеткен.

Көптөгөн аракеттерге карабастан, эгерде эл ичүүчү сууну үнөмдүү пайдаланбаса, анда эң чоң инженердик долбоорлор да суу кризисин токтото албайт. Эгер жарандар сууну 15-20% үнөмдөшсө, суунун жетишсиздигине кабылган көптөгөн шаарларда абалды турукташтырууга мүмкүн болот.

Буга чейин Исфахан провинциясынын губернатору Махди Джамалинежад Иран Оман булуңунан тузсузданган сууну Ислам Республикасынын түштүк-чыгыш жээгинен провинцияга жеткирүү үчүн инфраструктураны түзүү боюнча долбоордун биринчи этабын аяктаганын билдирген.

Бул этапта жалпы узундугу 800 километр келген түтүктөр тармагы тартылып, ал аркылуу провинциянын өнөр жай ишканаларына тузсузданган суу жеткирилип, суу сактагычтар, насостук станциялар жана башка инфраструктуралык объектилер курулган.

Үстүбүздөгү жылдын март айында энергетика министри Аббас Алиабади өлкөдө төрт провинция — Хорасан-Резави, Йезд, Исфахан жана Тегеран — суу кризисине туш болгонун, анын себеби бул аймактарда узак жылдар бою кургакчылык болгонун билдирген.

ISNA агенттигинин маалыматына ылайык, республикада аталган провинциялардан тышкары суу тартыштыгынын алдында турган аймактар да бар: өлкөнүн борбордук бөлүгүндө жайгашкан Хамадан, ошондой эле түштүктөгү Фарс, Хузестан, Керман, Систан жана Белучестан, Хормозган провинциялары.

Сууну үнөмдөө үчүн дем алыш күнү жарыяланды

20-июлда Иран бийликтери борбордун тургундарын суунун тартыштыгынан улам аны үнөмдөөгө чакырган. Tasnim агенттигинин маалыматы боюнча, Тегеран колдонгон суунун 30%ы шаардын астындагы жер астындагы булактардан, ал эми калган 70%ы борбордун тегерегиндеги беш суу сактагычтан келет. 15-июлга карата алардын ар биринде суунун деңгээли бир топ төмөндөгөнү маалымдалган.

23-июль күнү Тегеран провинциясында катуу ысыктан улам суу менен электр энергиясын үнөмдөө зарылдыгынан улам дем алыш күнү деп жарыялаган.

өткөн аптада Ирандын кээ бир аймактарында абанын температурасы 50 градуска жеткен. Жергиликтүү метеорологдор өтүп жаткан апта жылдын эң ысык аптасы болуп калганын билдирүүдө. Алдыдагы 7 күндө  Тегеранда күндүз абанын температурасы синоптиктердин айтымында, 40 градустун тегерегинде болот.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: анамалдуу ысыкирансуу
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Катардын мурдагы премьер-министри Ирандын катышуусунда Перс булуңунун саммитин өткөрүүнү жана «Перс булуңунун НАТОcун» түзүүнү сунуштады

Катардын мурдагы премьер-министри Ирандын катышуусунда Перс булуңунун саммитин өткөрүүнү жана «Перс булуңунун НАТОcун» түзүүнү сунуштады

28.11.2026
Ирандын лидери: «Басиж» душмандарга сокку уруунун бир да мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбайт

Ирандын лидери: «Басиж» душмандарга сокку уруунун бир да мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбайт

28.11.2026
Бийликти алмаштыруу же Иранды куралсыздандыруу: Трамп чындыгында эмнеге жетишүүнү көздөп жатат?

Бийликти алмаштыруу же Иранды куралсыздандыруу: Трамп чындыгында эмнеге жетишүүнү көздөп жатат?

27.11.2026
Кувейтте дрон чабуулунан Италиянын эки жараны каза тапты. Иран бул окуяга катыштыгын четке какты

Кувейтте дрон чабуулунан Италиянын эки жараны каза тапты. Иран бул окуяга катыштыгын четке какты

27.11.2026
Иран  өзөктүк программасын токтотууну көздөбөйт

Иран  өзөктүк программасын токтотууну көздөбөйт

27.11.2026
Ирандык генералдын Кытайга күтүүсүз сапары: Вашингтон үчүн кооптуу белгиби же шашылыш сүйлөшүүлөрбү?

Ирандык генералдын Кытайга күтүүсүз сапары: Вашингтон үчүн кооптуу белгиби же шашылыш сүйлөшүүлөрбү?

26.11.2026
Тегеранда үй-бүлөлөрдү коргонууга даярдоочу борбор ишке кирди. Сүрөт

Тегеранда үй-бүлөлөрдү коргонууга даярдоочу борбор ишке кирди. Сүрөт

26.11.2026
Италиялык гезит: Ирандын кемесине Украина сокку урган болушу мүмкүн

Италиялык гезит: Ирандын кемесине Украина сокку урган болушу мүмкүн

26.11.2026
Баяс Турал: «Шахнаме — улуу поэзия гана эмес, улуу тарых дагы» 

Баяс Турал: «Шахнаме — улуу поэзия гана эмес, улуу тарых дагы» 

26.11.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Ирандын лидери: «Басиж» душмандарга сокку уруунун бир да мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбайт

Ирандын лидери: «Басиж» душмандарга сокку уруунун бир да мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбайт

28.11.2026
Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

26.11.2026
Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

26.11.2026
Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

26.11.2026
Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
223 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.