Ирандын ракеталык соккуларынан кийин Израилдин газ тармагында иш токтотулганын ИРНА агенттиги израилдик маалымат каражаттарына шилтеме берип билдирди.
Израилдин Yedioth Ahronoth гезити жана 12-канал Левиафан жана Кариш газ кендеринде иштер толугу менен токтотулганын маалымдашты.
Ирандын ракеталары жана учкучсуз учуучу аппараттары (дрондору) тарабынан сокку урулушу мүмкүн деген коркунучтан улам компаниялар кызматкерлерин эвакуациялап, бургулоо жана газ өндүрүү иштерин токтотушкан.

















