Ирандын президенти Масуд Пезешкян Тажикстанга барып, андан ары Россияга барууну пландоодо.
Бул тууралуу буга чейин Иран президентинин саясий иштер боюнча кеңешчиси Мехди Санаи билдирген.
Анын айтымында, Россия лидери Владимир Путин жана тажик президенти Эмомали Рахмон менен жолугушууда бир катар документтерге кол коюлат. Бардык келишимдер Иранга бул өлкөлөр менен мамилесин кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.
«Ал Владимир Путин менен Эмомали Рахмондон чакыруу алды жана январдын ортосунда Тажикстан менен Россияга барат», — деген Санаи.
Бирок ал сапардын так датасын айткан эмес.
Тажик ЖМКлары Ирандын президенти Масуд Пезешкян Тажикстанга 14-январда келерин жазышты.
“Sputnik Тажикстан” маалымдагандай, бул сапар анын республиканын лидери катары Душанбеге болгон алгачкы сапары жана ал эки күнгө созулуп, анын жүрүшүндө президент Эмомали Рахмондун кабыл алуусунда болот.
Бул жолугушуу Тажикстан менен Ирандын лидерлери үчүн Пезешкяндын инаугурациясынан кийинки экинчи жолугушуу болмокчу. Биринчиси Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын алкагында өткөн.
Ал эми Пезешкиандын Москвага сапары 17-январга пландалып жатканын, орус ЖМКлары маалымдашууда.
Анын жүрүшүндө Пезешкян россиялык кесиптеши Владимир Путин менен сүйлөшүү жүргүзүп, Ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк келишимине кол коеру күтүлүүдө. Жаңы документ 2001-жылдагы эскирген келишимди алмаштырып, Москва менен Тегерандын мамилесинин деңгээлин көтөрөт.

Пезешкян менен Путин акыркы жолу октябрь айында Казанда өткөн БРИКС саммитинин алкагында жолугушкан.
Жаңы жылдын алдында Иран менен Россия эки тарап тең келишимдин текстин макулдашуу боюнча иштер аяктаганын жана жакынкы келечекте орус-ирандык жаңы саммит болору билдиришкен. Документтин тексти азырынча ачыкка чыга элек болсо да, Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров РИА Новостиге берген маегинде эки өлкөнүн ортосундагы жаңы келишимде Москва менен Тегерандын коопсуздук жана коргонуу жаатында кызматташууга болгон умтулуусу белгиленгенин билдирген.
“Келишимде аймактык жана глобалдык деңгээлде тынчтыктын жана коопсуздуктун кызыкчылыгында кызматташтыкты чыңдоого өзгөчө көңүл бурулат, Москва менен Тегеран коопсуздук, коргонуу, терроризм жана экстремизм менен күрөшүү жана башка көптөгөн жалпы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы турууда тыгыз кызматташтыкка умтулуусу белгиленген”, – деген Лавров.
Буга чейин Ирандын Москвадагы элчиси Казем Жалали Ирандын президенти Масуд Пезешкян 17-январда Орусиянын баш калаасына келерин жана анын иш сапарынын жүрүшүндө ал 2001-жылы Москвада кол коюлган мамлекеттер ортосундагы мамилелердин негиздери жана кызматташуу принциптери боюнча учурда колдонулуп жаткан документти алмаштырууга багытталган келишимге кол коерун билдирген.

















