Россиянын президенти Владимир Путин Ирандын президенти Масуд Пезешкян менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн Кремлдин маалымат кызматы билдирди.
“Владимир Путин Анкориджде өткөн орус-америкалык саммиттин негизги жыйынтыктары тууралуу маалымат берди. Масуд Пезешкян украин кризисин тынчтык жолу менен жөнгө салууга багытталган дипломатиялык аракеттерди колдоорун билдирди”, — деп айтылат билдирүүдө.
Пезешкян жүргүзүлүп жаткан дипломатиялык аракеттерди колдоп, украин кризисинин тез арада тынчтык жолу менен чечилишине ишеним билдирди.
Президенттер ошондой эле эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, Ирандын өзөктүк программасынын тегерегиндеги кырдаалды жана Түштүк Кавказ аймагындагы окуяларды талкуулашты.
Иран президентинин маалымат кызматы билдиргендей, сүйлөшүүдө “Бушер” АЭСинин курулушу жана Россиянын иштеп жаткан реактордо күйүүчү майды алмаштыруусу талкууланды.
Пезешкиан белгилегендей, Иран Россия жана Кытай менен Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ), Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) жана БРИКСтин алкагында кызматташууну өнүктүрүү ниетинде.
Ал ошондой эле “3+3” форматындагы сүйлөшүүлөр (Азербайжан, Армения, Грузия – Россия, Түркия, Иран) Түштүк Кавказдагы көйгөйлөрдү чечүүнүн натыйжалуу механизмине айланарын белгиледи.
Мындан тышкары, лидерлер жеке жолугушууну макулдашышты.
“Владимир Путин менен Масуд Пезешкян ар кандай чөйрөлөрдө орус-иран кызматташтыгын мындан ары кеңейтүү ниетин тастыкташты жана ШКУнун Кытайда өтө турган саммитинде жолугушууну макулдашышты”, — деп белгилешти Кремлден.
Андан сырткары, Пезешкян Путинге Тегеран өзөктүк курал жасоого умтулбай турганын айтып, Ирандын өзөктүк маселеси боюнча Россиянын позициясы үчүн ыраазычылык билдирди.
Эске салсак, 15-августта Аляскада орус-америкалык саммит өтүп, Путин менен Трамп Анкоридж шаарындагы Элмендорф-Ричардсон аскердик базасында жолугушкан. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында натыйжаларга карата бирдиктүү милдеттенме жана биргелешкен иштердин көп багыттары белгиленген. Лидерлер ошондой эле Украинадагы жаңжалды токтотуу үчүн аракет кылууга даяр экендиктерин билдиришкен.
18-августта Трамп Ак үйдө Зеленский менен сүйлөшкөн. Эки тараптуу жолугушуудан кийин аларга бир катар европалык лидерлер кошулган. Тараптар Евробиримдик өлкөлөрү АКШ менен макулдашып берүүгө ниеттенип жаткан Киев үчүн коопсуздук кепилдиктерин талкуулашкан. Иш-чаранын ортосунда Трамп Путинге телефон чалган. Сүйлөшүү ачык-айкын жана конструктивдүү болуп, мамлекет башчылары Россия менен Украинанын делегацияларынын ортосунда түз байланыштарды улантууну жакташкан. Сүйлөшүүлөрдө Москва менен Киевдин өкүлдөрүнүн деңгээлин көтөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулоону да макулдашышкан.


















