Борборду Тегерандан көчүрүү — тандоо эмес, зарылчылык.
Бул тууралуу Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Хормозган провинциясынын экономикалык активисттери менен жолугушууда билдирди.
Анын айтымында, ал борборду Перс булуңу тарапка көчүрүүнү Жогорку лидерге дагы (Али Хаменеи – ред.) сунуш кылган.
«Бүгүнкү күндө бизде тандоо деген нерсе калган жок, биз муну жасоого мажбурбуз. Эгер азыркы абал уланса, көйгөйлөр жаралат», — деди президент.
Пезешкиан белгилегендей, өлкөдө суу ресурстары күн сайын азайып баратат. Ошондой эле ушул күндөрү жердин чөгүп кетүү маселеси да бар, Тегерандын кээ бир райондорунда жердин чөгүшү 30 сантиметрге чейин жетет.
Ирандын борбору Тегеран — өлкөдөгү эң ири шаар. Өлкөдө жалпы 91 миллион калк болсо, 12 миллион адам Тегеранда жашайт. Мындан тышкары, күн сайын Тегеранга болжол менен 5 миллион киши иштөө же жеке иштери менен келет.

















