Ирандын оор атлетчи кыздары Катарда өткөн Азия чемпионатында медалдарга ээ болушту.
IRNA агенттиги маалымдагандай, Рехане Карими 71 килограммга чейинки салмакта мелдешке чыкты. Ал булкуп көтөрүүдө 91 килограмм, түртүп көтөрүүдө 120 килограмм, жалпы 211 килограмм салмакты көтөрүп, үч коло медалдын ээси болду.
Бул категорияда күч сынашкан Хания Шарифи жалпы 200 кг салмакта жаштар арасында төртүнчү орунга чыкты.

Дохада өтүп жаткан оор атлетика боюнча Азия чемпионаты бир эле учурда эки жаш категория боюнча – жаштар жана юниорлор арасында өтүп жатат. Континенталдык чемпионат 19-декабрдан 25-декабрга чейин өтөт.



















