Eurasiatoday
Дүйшөмбү, 30-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Ирандын  МАГАТЭ менен түзүлгөн Каир келишими күчүн жоготту

  • Башкы жаңылыктар
  • 06.10.2025 12:10

Loading

Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи билдиргендей, кепилдиктерди кайтарып алуу механизмин иштетүүгө байланыштуу Тегеран менен Эл аралык атомдук энергия агенттиги (МАГАТЭ) ортосунда түзүлгөн Каир келишими эми күчүн жоготту.

Жогорку даражалуу ирандык дипломат жекшемби күнү эртең менен Тегеранда элчилер, убактылуу ишенимдүү өкүлдөр жана чет элдик, эл аралык өкүлчүлүктөрдүн башчылары менен жолугушуудан кийин журналисттерге билдирүү жасады.

Өз сөзүндө Аракчи Иран ар дайым адилеттүү жана тең салмактуу дипломатиялык чечимдерге умтулуп келгенин, бирок Батыш өлкөлөрү ашкере жана негизсиз талаптарынан улам бул аракеттерди четке какканын белгиледи. Ал мурдагы коркутуулар, анын ичинде аскердик басым жана европалык өлкөлөрдүн каршы чаралары натыйжа бербегенин жана сүйлөшүү процессин гана татаалдаштырганын айтты.

Тема боюнча

Ирандын лидери: «Басиж» душмандарга сокку уруунун бир да мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбайт

Ирандын лидери: «Басиж» душмандарга сокку уруунун бир да мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбайт

28.11.2026

«Тажрыйба көрсөткөндөй, Ирандын ядролук маселесин чечүүнүн бирден-бир жолу — дипломатия жана сүйлөшүү жолу», — деди ал. Анын айтымында, акыркы жылдары аскердик чабуул коркунучу көп жолу айтылган, бирок мындай ыкмалар эч кандай натыйжа бербеген. Европалыктар да «snapback» механизмин иштетүү менен коркутушкан, бирок бул чара да натыйжасыз болуп, сүйлөшүү процессин татаалдаштырган.

«Үч европалык өлкө “кайра кайтаруу” механизмин колдонуп натыйжага жетебиз деп ойлошкон, бирок бул инструмент ишке жарабай, дипломатиялык байланыштарды гана оорлотту. Дипломатия ар дайым болот, бирок анын формасы жана катышуучулар өзгөрдү. Албетте, алдыдагы сүйлөшүүлөрдө европалык өлкөлөрдүн ролу азаят жана алардын дипломатиялык негиздемеси алсырайт», — деп белгиледи Аракчи.

Башка бир билдирүүсүндө Аракчи айрым маалымат каражаттары Ирандын «талаптары» катары атаган шарттар Тегеранга расмий түрдө эч качан жеткирилбегенин айтты. «Акыркы айлардагы сүйлөшүүлөр өзгөчө ядролук маселеге багытталган жана алар түз же кыйыр түрдө америкалык тарап менен жүргүзүлгөн. Биздин сунуштар толугу менен ачык болгон. Эгер аларды олуттуу карашса жана дипломатиялык мүмкүнчүлүктөр чектелбесе, сүйлөшүү жолу менен дипломатиялык чечимге жетүү мүмкүн болмок. Азыр да эгер тараптар ак ниет мамиле кылып, өз ара кызыкчылыктарды эске алышса, сүйлөшүүнү улантуу мүмкүн. Бирок БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги акыркы окуялар бул процессти татаалдаштырып койду», — деди ал.

Аракчи Тышкы иштер министрлиги дипломатиялык аракеттерди улантарын баса белгилеп, «дипломатиядан баш тартууга болбойт» деди. «Бирок аскердик чабуул жана “snapback” механизмин иштетүүдөн кийинки кырдаал өзгөрдү жана алдыдагы сүйлөшүүлөр мурункулардан айырмаланат», — деп кошумчалады.

МАГАТЭ менен кызматташуу боюнча сөз кылып, Аракчи Иран агенттик менен техникалык кызматташуу тууралуу жаңы келишимге кол койгонун айтты. «Бул кадам коопсуздук чөйрөсүндөгү өзгөрүүлөргө жана өзгөчө ядролук объекттерге болгон чабуулдарга байланыштуу зарыл болду, анткени мурдагы кызматташуу алкактары мындан ары колдонууга жараксыз болуп калган».

«Каирде бир нече айлампа сүйлөшүүлөрдөн кийин бул келишимге жетишилген. Бирок азыркы шартта, анын ичинде санкцияларды кайтарып келүү механизмин иштетүүдө, Каир келишими жетишсиз болуп калды жана жаңы чечимдер кабыл алынат», — деди ал.

«Өзүнүн ядролук программасынын тынч мүнөзүн жана жакшы ниетин далилдөө үчүн Иран Ислам Республикасы бардык дипломатиялык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланды, кеңешмелердм өткөрдү, кызматташууга барды жана салмактуу сунуштарды берди. Эми Батыш өлкөлөрүндө Иран менен кызматташууга жана диалог жүргүзүүгө тоскоол болууга эч кандай жүйө жок. Ирандын позициясы толугу менен мыйзамдуу жана акылга сыярлык жана ал өз ара ишенимди чыңдоого жардам бере турган ар кандай чечимди карап чыгууга даяр», — деди Аракчи.

Израил июнь айында өлкөгө каршы баштаган согуш тууралуу сөз кылып, Аракчи 120дан ашык өлкө жана дээрлик бардык эл аралык уюмдар Израилдин аракеттерин айыптап, Иран Ислам Республикасына колдоо көрсөткөнүн белгиледи. «Бул колдоонун себеби — Ирандын этияттуулугу, акылмандыгы жана эл аралык мамилелердеги жоопкерчиликтүү позициясы, ошондой эле сүйлөшүү жолундагы туруктуу аракети болду».

«Бүгүн Иран дагы бир жолу өз укуктарын коргоп жатып, өз ара кызыкчылыктарды камсыз кыла турган жана анын ядролук программасынын тынч мүнөзүнө ишенимди арттыра турган ар кандай чечимди карап чыгууга даяр экенин көрсөттү», — деп жыйынтыктады ал.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: иранИран МАГАТЭКаир келишими
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Катардын мурдагы премьер-министри Ирандын катышуусунда Перс булуңунун саммитин өткөрүүнү жана «Перс булуңунун НАТОcун» түзүүнү сунуштады

Катардын мурдагы премьер-министри Ирандын катышуусунда Перс булуңунун саммитин өткөрүүнү жана «Перс булуңунун НАТОcун» түзүүнү сунуштады

28.11.2026
Ирандын лидери: «Басиж» душмандарга сокку уруунун бир да мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбайт

Ирандын лидери: «Басиж» душмандарга сокку уруунун бир да мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбайт

28.11.2026
Бийликти алмаштыруу же Иранды куралсыздандыруу: Трамп чындыгында эмнеге жетишүүнү көздөп жатат?

Бийликти алмаштыруу же Иранды куралсыздандыруу: Трамп чындыгында эмнеге жетишүүнү көздөп жатат?

27.11.2026
Кувейтте дрон чабуулунан Италиянын эки жараны каза тапты. Иран бул окуяга катыштыгын четке какты

Кувейтте дрон чабуулунан Италиянын эки жараны каза тапты. Иран бул окуяга катыштыгын четке какты

27.11.2026
Иран  өзөктүк программасын токтотууну көздөбөйт

Иран  өзөктүк программасын токтотууну көздөбөйт

27.11.2026
Ирандык генералдын Кытайга күтүүсүз сапары: Вашингтон үчүн кооптуу белгиби же шашылыш сүйлөшүүлөрбү?

Ирандык генералдын Кытайга күтүүсүз сапары: Вашингтон үчүн кооптуу белгиби же шашылыш сүйлөшүүлөрбү?

26.11.2026
Тегеранда үй-бүлөлөрдү коргонууга даярдоочу борбор ишке кирди. Сүрөт

Тегеранда үй-бүлөлөрдү коргонууга даярдоочу борбор ишке кирди. Сүрөт

26.11.2026
Италиялык гезит: Ирандын кемесине Украина сокку урган болушу мүмкүн

Италиялык гезит: Ирандын кемесине Украина сокку урган болушу мүмкүн

26.11.2026
Баяс Турал: «Шахнаме — улуу поэзия гана эмес, улуу тарых дагы» 

Баяс Турал: «Шахнаме — улуу поэзия гана эмес, улуу тарых дагы» 

26.11.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Ирандын лидери: «Басиж» душмандарга сокку уруунун бир да мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбайт

Ирандын лидери: «Басиж» душмандарга сокку уруунун бир да мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбайт

28.11.2026
Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

26.11.2026
Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

26.11.2026
Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

26.11.2026
Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
224 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.