Бүгүн, 13-январь Бишкекте Иран Ислам Республикасынын элчилигине караштуу мектепте Ислам революциясынын жеңишинин 47 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Анда Ирандын Кыргызстандагы элчиси Голам Хуссейн Ядегари сөз сүйлөдү.
Иш-чараны ачып жатып, дипломат уюштуруучуларга, окуучуларга жана алардын ата-энелерине майрамдык даярдык жана улуттук тамак-аш көргөзмөсүн уюштурганы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал мындай демилгелер окуучуларга теория менен гана чектелбестен, турмуштук тажрыйба алууга, практикалык көндүмдөрүн жана жоопкерчилик сезимин өнүктүрүүгө жардам берерин белгиледи.
Элчи иш-чаранын катышуучуларын Ислам революциясынын жеңишинин жылдыгы менен куттуктап, анын негизги ураандары «Көз карандысыздык, эркиндик жана Ислам Республикасы» болгонун эске салды.
Анын айтымында, дал ушул принциптердин айланасында иран эли Имам Хомейнинин жетекчилиги алдында бириккен.
Дипломат революцияга чейин Иран шахтын режими учурунда ички деспотизмге да, тышкы кысымга да туш болгонун белгиледи. Ал ошол мезгилдеги саясий чечимдердин бир кыйла бөлүгү чет мамлекеттердин таасири астында кабыл алынганын, бул өлкөнүн тарыхый жана цивилизациялык мурастарына карама-каршы келгенин билдирди.
Элчи Ислам революциясы жеңгенден кийин Иран олуттуу сыноолорго өлкө ичиндеги туруксуздаштыруу аракеттеринен тартып, Саддам Хусейндин кол салуусу менен башталган сегиз жылдык согушка чейин дуушар болгонун эске салды. Бирок, ал элдин жана өлкө жетекчилигинин биримдигинин аркасында “революцияны басуу аракеттери ийгиликсиз болгонун” баса белгиледи.



















