13-июлда Бишкекте эркин күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионаты аяктап, Иран курамасы жеңишке жетти.
Ирандык балбандар 4 алтын, 2 күмүш жана 1 коло болуп жалпы 7 медаль жеңип алышты.
Спортчулар төмөнкү салмак категорияларында сыйлыктарга ээ болушту: Бахрам Хадиди коло (57 кг), Эсмаил Элахихурам (70 кг), Мамиванд алтын (74 кг), Шамсипур күмүш (79 кг), Ахмад Ализаде алтын (97 кг), Аболфазл Рахмани Фиро алтын (86 кг) жана Нури күмүш (92 кг).
Жалпы командалык эсепте экинчи орунду Индия курамасы ээлесе, үчүнчү орунду казакстандык команда алды.
Эске салсак, буга чейин бул Азия чемпионатында Ирандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы да мыкты деп табылган.
Командалык эсепте Иран биринчи орунду, экинчи орунду Кыргызстан жана үчүнчү орунду Өзбекстан ээлеген.
Беш салмак категориясы боюнча мелдештерде ирандык спортчулар 3 алтын жана 2 коло медалга ээ болушкан: Паям Ахмади 55 кг, Ахура Бойери 77 кг жана Аболфазл Фатхи Тазанги 130 килограмм салмакта алтын медаль, ал эми Мохаммад Жавад Абуталеби 63 кг жана Хамидреза Кешткар 87 кг салмакта коло медаль.
Азия чемпионаты үстүбүздөгү жылдын 5–13-июль күндөрү United World Wrestling (UWW) эл аралык федерациясынын колдоосу менен өттү. Мелдешке Азиянын 20 өлкөсүнөн 600дөн ашуун спортчу, машыктыруучу жана расмий өкүлдөр катышты.
Мелдештер «Бишкек Арена» спорттук комплексинде болуп өттү.





















