Бүгүн, 5-ноябрда Ирандын “Коусар” жана “Хадхад” деп аталган эки спутниги орбитага ийгиликтүү чыгарылды.
Спутниктер Россиянын “Восточный” космодромунан россиялык “Союз-2” ракета-алып жүрүүчү менен учурулду.
Белгиленген орбитага спутниктердин ийгиликтүү учурулушуна Ирандын космостук уюмунун жетекчиси, спутниктерди иштеп чыгуучулар жана журналисттер көз салып турушту.
Жерди аралыктан зонддоо спутниги «Коусар» айыл чарбасында, айлана-чөйрөнү көзөмөлдөөдө жана жаратылыш ресурстарын башкарууда колдонууга арналган, ал эми «Хадхад» телекоммуникациялык аппараты байланыштын сапатын жогорулатат.
Спутниктер Ирандын “Омид фаза” компаниясынын өкүлдөрү тарабынан иштелип чыккан.
“Коусар” спутнигин иштеп чыгуу 2019-жылы башталган, ал эми биринчи аппараттын техникалык чечимдерин колдонулган “Хадхад” спутниги бир жылдын ичинде долбоорлонуп курулган.
Эске салсак, октябрдын башында Тегеран орбитага 2025-жылдын март айынын аягына чейин өздүк өндүрүштөгү “Косвар”, “Толо-3” жана “Зафар-2” деп аталган үч аралыктан зонддоо спутниктерин учурары белгилүү болгон. Үч аппараттан турган система табигый кырсыктар учурунда, өзгөчө жер үстүндөгү инфраструктура иштебей турганда, чечимдерди кабыл алууну жеңилдетүү үчүн маалыматтарды кабыл алууга жана берүүгө мүмкүндүк берет.
Буга чейин 2024-жылдын 20-мартынан 2025-жылдын 20-мартына чейин созулган учурдагы календардык жылда Иран Парс-1 спутнигинин экинчи прототибин түзүүнү аяктап, Нахид-2 жана Саман-1ди учурууга даярдоону пландап жатканы маалымдалган.
«Союз» ракета-алып жүрүүчү Ирандын спутниги менен бирге буга чейин дагы учурулган. 2022-жылы Ирандын өтүнүчү менен Байконурдан “Хайям” спутниги орбитага чыгарылган.



















