ХАМАСтын лидери Яхья Синвардын израилдик аскерлер тарабынан өлтүрүлүшү “каршылык көрсөтүүнүн духун” бекемдейт жана ал жаштар үчүн үлгү болот, деп билдирди Ирандын БУУдагы миссиясы.
17-октябрда Израилдин Коргоо күчтөрү (ЦАХАЛ) ХАМАСтын жаңы лидери Яхья Синвардын Газа тилкесинде израилдик аскерлер тарабынан өлтүрүлгөнүн расмий жарыялаган.
ХАМАС азырынча бул боюнча расмий билдирүү жасай элек.
Бирок кыймылдын саясий бюросунун мүчөсү Бассем Наим Израилдин Яхья Синварды жок кылганы тууралуу билдирүүсүнө комментарий берип, ХАМАС кыймылын жок кылуу мүмкүн эмес экенин жана кыймыл акыры жеңишке жетерине ишенерин билдирди.
Наим билдирүүсүндө, ХАМАС Израил кыймылдын лидерлери шейх Ахмед Ясин, Салах Шехадени жана Абделазиз ал-Рантисини өлтүрүлгөндөн кийин күчтүү жана популярдуу болгонун белгиледи. Ошол элу учурда ал Синвардын атын атаган жок.
“ХАМАС – бул эркиндикти жана кадыр-баркты көздөгөн адамдар жетектеген боштондук кыймылы. Муну жок кылуу мүмкүн эмес”, – деди Наим.
“Ал (Синвар – ред.) Палестинанын боштондугу үчүн жолун уланта турган жаштар жана балдар үчүн үлгү болот. Оккупация жана агрессия болуп турганда каршылык улана берет, анткени шейит тирүү жана шыктандырган булак бойдон кала берет”, – деп айтылат Ирандын БУУдагы миссиясынын X социалдык тармагындагы баракчасында.
Ошондой эле билдирүүдө мусулмандар шейит Яхья Синварды аскер кийимчен жана согуш талаасынын ортосунда жашырынып эмес, душманга каршы бетме-бет турганын көргөндө, каршылык көрсөтүүнүн руху бекемделери белгиленет.
Эске салсак, Яхья ас-Синвар ХАМАС кыймылынын саясий бюросунун жаңы жетекчиси болуп август айында шайланган. Ал Тегеранда Израилдин кол салуусунда өлтүрүлгөн Исмаил Ханиянын ордуна келген болчу.
Көбүнчө Абу Ибрагим деген ат менен белгилүү, 62 жаштагы Синвар Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан-Юнис качкындар лагеринде төрөлгөн.
Буга чейин Синвар Газа тилкесиндеги кыймылдын лидери болгон. Ал өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн Израилдин түрмөсүндө өткөргөн. 1988-жылы ал Израилдин бийликтери тарабынан камакка алынып, өмүр бою эркинен ажыратылган. Кийин ал 2011-жылы палестиналык туткундарды израилдик жоокер Гилад Шалитке алмашуу учурунда абактан бошотулган.
Түрмөдөн чыккандан көп өтпөй Синвар ХАМАСтын саясий бюросуна кирип, 2017-жылы Газа тилкесиндеги кыймылдын лидери болуп шайланган.

















