АКШ биринчи этапта Ирандын тоңдурулган каражаттарынын 12 миллиард долларын бошотот. Иран бул каражаттарды негизги керектөөчү товарларды сатып алууга жумшайт.
Бул тууралуу Ирандын Борбордук банкынын төрагасы Абдольнасер Хеммати билдирди.
«Швейцарияда меморандумдун экономикалык бөлүгүнө байланыштуу эки маанилүү чечим кабыл алынды. Биринчи чечим бөгөттөлгөн ирандык активдерди бошотууга тиешелүү. Меморандумга ылайык, бул каражаттар сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө этап-этабы менен: биринчи этапта 12 миллиард доллар, ал эми калган сумма кийинки этаптарда бошотулат», — деди Хеммати. Анын билдирүүсү Ирандын Борбордук банкынын расмий сайтында жарыяланган.
Ал Иран бошотулган каражаттарды негизги керектөөчү товарларды жана дары-дармектерди импорттоого пайдаланууну көздөп жатканын белгиледи.
«Биз жыл сайын негизги керектөөчү товарларды импорттоого 10–12 миллиард доллар коротобуз, ал эми жалпы эсептегенде бул көрсөткүч болжол менен 15 миллиард долларды түзөт. Бошотулган каражаттарды ушул товарларга жумшоо мурда ушул максатка бөлүнгөн башка валюталык ресурстарды бошотууга мүмкүндүк берет. Ал каражаттарды кийин башка муктаждыктарды каржылоого же резерв катары топтоого болот», — деп кошумчалады Хеммати.
18-июнга караган түнү Иран менен АКШ 28-февралда башталган аскердик жаңжалды 60 күнгө токтотуу токтотууну көздөгөн меморандумга кол коюшкан. Документке АКШнын президенти Дональд Трамп менен Ирандын президенти Масуд Пезешкиан аралыктан, электрондук түрдө кол коюшуп, ал дароо күчүнө кирген.
Меморандумдун акыркы толук тексти жарыяланган. Ал 14 пункттан турат. Тынчтык жөнүндө документке «Америка Кошмо Штаттары менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы Исламабад өз ара түшүнүшүү меморандуму» деген аталыш берилип, тексти англис жана фарсы тилдеринде даярдалган.
Өз ара түшүнүшүү меморандуму бардык фронттордо, анын ичинде Ливанда дагы согуштук аракеттерди токтотууну, Ормуз кысыгын ачууну жана Иранга АКШ тарабынан аскердик-деңиз блокадасын токтотууну камтыйт.
21-июнда Пакистан жана Катардын ортомчулугу менен Швейцарияда Иран менен АКШнын сүйлөшүүлөрү болуп өттү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумду ишке ашыруу жана акыркы келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоонун шарттарын талкуулашты.
Жыйынтыгында Катар жана Пакистан биргелешкен билдирүү жасап, тараптар 60 күндүк жол картасы боюнча макулдашууга жетишкенин маалымдашты. Ошондой эле жогорку деңгээлдеги комитет түзүлүп, техникалык жумушчу топтор өз ишин баштай турганы белгиленди.
Билдирүүдө техникалык сүйлөшүүлөр ушул жуманын аягына чейин Швейцариянын Бюргеншток аймагында уланары айтылды.



















