АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгынын (БЧБ) алты кызматкери ишемби күнү Иран тарабынан БАЭ аймагына жасалган соккунун натыйжасында каза болгон. Мындай билдирүүнү Ирандын Tasnim агенттиги таратты.
Аталган агенттиктин маалыматына ылайык, ишембидеги чабуулда дагы эки БЧБ кызматкери жаракат алган. АКШ бул маалымат боюнча азырынча комментарий бере элек.
Жекшембиге караган түнү Fars агенттиги Иран Дубай шаарындагы «БЧБнын штаб-квартирасына» сокку урганын кабарлады.

















