Ирандын армиясы АКШнын Бахрейндеги аскердик объектилерине каршы багытталган «Сагех» («Чагылган») операциясынын 11-этабы жүргүзүлгөнүн жарыялады.
Иран Ислам Республикасынын армиясынын билдирүүсүнө ылайык, операциянын бул этабында Бахрейндеги Аль-Сахир авиабазасында жайгашкан америкалык тик учактар жана P-8 чалгындоочу учактары турган жайларга «Араш» камикадзе-дрондору менен сокку урулган.
Иран армиясы бул операцияны душмандын шаардык инфраструктурага жана жарандык калкка каршы жасаган чабуулдарына жооп катары өткөргөнүн билдирип, аны ошол аракеттерге теңме-тең жооп деп атады.
Билдирүүдө өлкөнүн коопсуздугун жана көз карандысыздыгын камсыз кылуу Ирандын Куралдуу күчтөрү үчүн өзгөрүлгүс «кызыл сызык» экени белгиленген. Ошондой эле Иранга каршы жасалган бардык кастык аракеттерге ыкчам, чечкиндүү жана пропорционалдуу жооп кайтарылары айтылган.
Мындан тышкары, Иран армиясы иран элинин чечкиндүүлүгүн жана өлкөнүн коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн туура эмес баалоо каршы тарап үчүн олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин эскертти.



















