3-мартка караган түнү америкалык киноакадемия “Оскар” сыйлыгынын ээлерин атады. Бул жылкы салтанаттуу иш-чара 97-жолу адаттагыдай эле Лос-Анджелестеги “Dolby” театрында өткөрүлдү.
Иш-чараны бул жолу куудул Конан О’Брайан алып барды.
Быйылкы Оскар сыйлыгын тапшыруу аземинде ирандык режиссерлор Хоссейн Молайеми менен Ширин Соханинин “Кипаристин көлөкөсүндө” аттуу кыска метраждуу анимациялык тасмасы “Эң мыкты кыска метраждуу анимациялык тасма” номинациясына ээ болду.
“Кипаристин көлөкөсүндө” мультфильми – травмадан кийинки стресстен жабыркаган мурунку деңиз капитанынын окуясын баяндайт.
Бул Иран үчүн Асгар Фархадинин “Надер менен Симиндин ажырашуусу” (2012) жана “Коммивояжёр” (2017) тасмаларынан кийинки үчүнчү Оскары.
“Оскар” сыйлыгынын башкы байгесин режиссер Шон Бейкер тарткан “Анора” комедиялык драмасы алды. Номинациялардын ичинен 13 номинация менен “Эмилия Перес” тасмасы лидер болду. Андан кийинки орунда “Бруталист” жана» “Каардуу: Батыштын бакшысынын жомогу” тасмалары турат.
“Оскар” алган эң мыктылардын тизмеси:
- «Мыкты тасма» – «Анора»;
- “Эң мыкты айымдын ролу” – Майки Мэдисон — («Анора» тасмасы);
- «Мыкты режиссёр» – Шон Бэйкер — («Анора»);
- “Эң мыкты эркектин ролу” – Эдриан Броуди — («Бруталист» тасмасы);
- “Эң мыкты саундтрек” – Дэниэл Блумберг — («Бруталист»);
- “Эң мыкты чет элдик тасма” – “Мен дагы эле бул жердемин” — (бразилиялык режиссер Вальтер Саллес);
- «Мыкты оператордук иш» – «Бруталист»;
- Эң мыкты кыска метраждуу тасма – “Мен робот эмесмин”;
- Мыкты визуалдык эффекттер – «Дюна 2»;
- Эң мыкты үн – «Дюна 2»;
- Эң мыкты даректүү тасма – “Башка жер жок”;
- Эң мыкты кыска метраждуу даректүү тасма – “Оркестрдеги жалгыз кыз”;
- Кино үчүн мыкты ыр – El Mal — “Эмилия Перес”;
- Эң мыкты дизайн – “Каардуу: Батыштын бакшысынын жомогу”;
- Эң мыкты экинчи пландагы актриса – Зои Солдана – (“Эмилия Перес”);
- Эң мыкты монтаж – “Анора”;
- Эң мыкты грим жана чач жасалгасы – “Субстанция”;
- Эң мыкты адаптацияланган сценарий – “Конклав”;
- Мыкты оригиналдуу сценарий – “Анора”;
- Эң мыкты костюм дизайны – “Каардуу: Батыштын бакшысынын жомогу”;
- Мыкты кыска метраждуу анимация – “Кипарис көлөкөсүндө” (Иран);
- Мыкты мультфильм – “Топон”;
- Эң мыкты экинчи пландагы актер – Киран Калкин – “Чыныгы оору”.



















