Атын атабаган ирандык эксперттин пикири боюнча, Ирандын айланасындагы чыңалуунун басаңдашы азырынча туруктуу тынчтыкты билдирбейт. Акыркы окуялар жана айрыкча АКШ президенти Дональд Трамптын билдирүүлөрү кырдаалды кайрадан бүдөмүк абалга салды.
Эксперттин айтымында, Трамп акыркы сөздөрү менен кырдаалды кайрадан чаташтырды. Ал адаттагыдай эле эки ача сүйлөдү. Трамп Иранда демонстранттарды өлтүрүү токтоду деген маалымат алганын, ошондон кийин Иранга кол салуу да токтогондой болгонун айтты. Сөзү кыска болгону менен мааниси оор. Негизги суроо ушунда: бул жаңы чындыкпы же элди алдаган кезектеги оюнбу?
Тажрыйба көрсөтүп тургандай, эл аралык саясатта, айрыкча Трамп сыяктуу адам менен иш болгондо, ар бир сөзгө ишене берүүгө болбойт. Ал коркутууну согуштун чекесине чейин жеткирип, анан пайда алууну жакшы билет. Кээде артка чегингенин да жеңиш катары көрсөтөт. Бирок саясат жөн гана сөз менен ойноо эмес, андан да катуу чындыктар бар.
Ирандын аскер жетекчилеринин акыркы эскертүүлөрү бул жолу жөн эле ураан болгон жок. Алар так жана ойлонуп айтылды. Мааниси жөнөкөй эле: согуш баарына кымбатка түшөт. Бул сөздөр эмоция менен эмес, алдын алуу үчүн айтылды. Иран өзүн коргой аларын көрсөттү, бирок башаламандыкты каалабай турганын да билдирди. Бул маанилүү айырма жана ал каршы тарапка да таасир эткендей.
Ошол эле учурда көшөгө артындагы консультациялар күчөдү. Чыныгы саясат дайыма эл көзүнөн алыс жүрөт. Расмий эмес байланыштар, үнсүз кабарчылар, элге жарыяланбаган сүйлөшүүлөр болду. Бул жерде аймактагы өлкөлөрдүн, айрыкча Перс булуңундагы мамлекеттердин ролу чоңойду. Алар жакшы билишет: Ирандагы согуш алыс нерсе эмес, ал бардык аймакка таасир этет. Экономика, энергия коопсуздугу, элдин тынчтыгы — баары коркунучта.
Ошондуктан бул жолу аймактагы өлкөлөр согушту күчөтүүгө эмес, тескерисинче, аны токтотууга аракет кылышты. Бул жөн эле кокустук эмес. Перс булуңу чоң согушту көтөрө албайт — экономикасы да, саясаты да, элдин психологиясы да даяр эмес.
Бирок чындыкты айтыш керек: азыркы тынчтык өтө алсыз. Ал тургай аны толук тынчтык деп да айтууга болбойт. Эч кандай жазма түрүндөгү келишим жок. Коркутуу сөздөрү толук жоголгон жок. Басым саясаты убактылуу гана токтоду, бирок бүттү деп айтууга эрте. Дал шул жерде жөнөкөй оптимизм коркунучтуу болушу мүмкүн.
Иран мурда да эрте ишенгенинин айынан көп жолу зыян тарткан. Бул өлкөнүн тарыхы аткарылбай калган убадаларга толгон. Ошондуктан бүгүн согуштун коркунучу бир аз азайса, бул чоң державалардын ниети өзгөргөндүктөн эмес, кызыкчылыктардын убактылуу тең салмакта турганынан. Ал тең салмак туура башкарылбаса, бат эле бузулушу мүмкүн.
Ошентсе да дипломатиянын күчүн баалабай коюуга болбойт. Эгерде саясат мүмкүн болгон нерселердин искусствосу болсо, бүгүн эң мүмкүн болгон жол — согушту алыстатуу. Иранга азыр калыбына келүү үчүн убакыт керек.
Демек, биз алдоо менен бетме-бет келип жатабызбы же чындык мененби? Ачык жооп: экөө менен тең. Бул — потенциалдуу алдамчылыктарга негизделген убактылуу чындык. Ушул тапта Ирандын саясий чеберчилиги дал ушул жука чек араны туура ажырата билүүдө жатат.















