Иранда F-35 үлгүсүндөгү төртүнчү истребителдин атып түшүрүлгөнү жарыяланды.
Tasnim: Ирандын абадан коргонуу күчтөрү Израилдин төртүнчү F-35 учагын атып түшүрдү.
Ирандын абадан коргонуу күчтөрү (АКК – ПВО) Израилге таандык F-35 үлгүсүндөгү истребителди өлкөнүн түндүк-батышындагы Тебриз шаарынын асманында атып түшүрүштү. Бул тууралуу Tasnim агенттиги маалымдады.
Иран тараптын маалыматына ылайык, бул — жаңжал башталгандан бери атып түшүрүлгөн төртүнчү F-35 учагы.
14-июнь күнү эртең менен мамлекеттик Mehr агенттиги Ирандын расмийлери 13-июнда атып түшүрүлгөнүн билдирген, АКШда жасалган F-35 учагынын сыныктары делген сүрөттү жарыялады. Сүрөттө истребителдин корпусунун бир бөлүгү жана күйүп жаткан кыймылдаткычы (соплосу) көрүнүп турат.
13-июнга караган түнү Израиль «Көтөрүлгөн арстан» аттуу операциясын баштап, Ирандагы өзөктүк жана аскердик объекттерге сокку урган.
Ошол эле күнү кечинде Ислам революциясынын сакчылар корпусу (IRGC) жооп кайтаруу операциясын баштаганын жарыялап, аны «Чыныгы убадалар — 3» деп аташкан. Бул операциянын алкагында Израилге ракеталык соккулар жасалган. Эки өлкөдө тең бул соккулардан бейкүнөө жарандар жабыркаганы кабарланды.
Мындан тышкары, Иран буга чейин атып түшүрүлгөн Израил учагынын учкучунун туткунга алынганын да билдирген.



















