12-февраль күнү Бишкекте Иран музыканттарынын аткаруусунда классикалык вокал жана фортепиано концерти өтөт.
Концерт Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин алдындагы Маданий өкүлчүлүк тарабынан Маданият жаатындагы кызматташтыктын алкагында уюштурулууда.
Программага КМШ өлкөлөрүнүн ар кыл фестивалдарында концерт берип келген ирандык белгилүү музыканттар Али Давуди (вокал) жана Гүлнаре Асадинин (фортепиано) мыкты ырлары жана обондору кирди.

Жубайлар репертуарынан перс, орус жана башка тилдердеги тандалган чыгармаларды жергиликтүү көрүүчүлөргө тартуулашат.
Концерт дүйшөмбү күнү, 12-февралда саат 18:30да А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын малахит залында өтөт.
Кирүү акысыз.
Белгилей кетсек, Ирандын Маданий өкүлчүлүгү Ислам революциясынын 45 жылдыгына карата 23-январдан 25-январга чейин Бишкекте Иран киносунун күндөрүн өткөрүп, 2 сеанс менен 5 тасма көрсөтүлдү.
Бардык тасмалар “Манас” кинотеатрында акысыз, орус тилинде көрсөтүлдү.
Иран тасмаларын көрсөтүү 5-8-февраль күндөрү Ч.Айтматов атындагы Кино үйүнүн кино залында улантылды.



















