Калямкари же читсази — бул Ирандын кездемеге сүрөт түшүрүү искусствосу.
Сүрөт кол менен жана атайын мөөр штамптарынын жардамы менен да түшүрүлөт. Калямкаринин өндүрүштүк борбору катары Исфахан провинциясы эсептелет.
“Калямкари” перс тилинен которгондо “калям менен иштөө” дегенди түшүндүрөт. “Калям” — бул бамбуктан же курма жыгачынан жасалган аяк жагы учталган сыя калемге окшогон атайын курал. Ал куралдын экинчи башында ичке топ кыл бекитилген, ал кыл калем катары колдонулат.
Кээ бир изилдөөчүлөр калямкари XVI кылымда Сеффевиддер династиясынын тушунда пайда болгон деп эсептешет. Кездемеге негизинен тарыхый жайлардын, үй жана жапайы жаныбарлардын, гүлдөрдүн сүрөттөрү жана арабеска, жазуулар, перс акындарынын чыгармаларындагы цитаталар түшүрүлөт.
Иран калямкарисинде сүрөт ачык сары кызгылт өңдөгү кездемеге түшүрүлүп, негизинен кызыл, көк жана сары түстөр колдонулат. Бул искусстводо бир гана табигый материалдардан алынган боёктор жана металл туздары колдонулат. Боёктор ар түрдүү тамырлардан жана жалбырактардан, ошондой эле темир туздарынан, калай, жез жана квасцыдан даярдалат. Айрым убактарда уруктар жана майдаланган ачыла элек гүлдөр колдонулат.
Калямкариде бирден он жетиге чейин ар кандай түстөр колдонулушу мүмкүн. Кээ бир убактарда алтын жана күмүш жиптер менен кооздолот. Калямкари негизинен пахта кездемесинен жасалат. Ал эми жибек кездемеден болсо көбүнчө кийим тигилип, ага сүрөт кол менен тартылат.

























Discussion about this post