Иранда ШКУнун антитеррордук машыгуулары аяктады. Чыгыш Азербайжан провинциясында өткөн машыгууларга ШКУнун беш мүчөсү жана дагы 13–14 өлкөдөн келген байкоочулар катышты.
Аскердик иш чара беш күнгө созулуп, аларды Ислам революциясынын сакчылар корпусунун кургактагы күчтөрүнүн командиринин операциялар боюнча орун басары, бригадалык генерал Вали Манани жетектеди.
Машыгуулар Ислам революциясынын сакчылар корпусунун полигонунда өткөрүлдү. Машыгуунун акыркы этабына мүчө мамлекеттердин атайын күчтөрү катышты. Алардын иш-аракеттерине ШКУга мүчө-мамлекеттердин, коңшу жана өнөктөш мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын делегациялары байкоо жүргүзүштү.
Машыгуулар коопсуздук жана терроризмге каршы күрөшүү чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты чыңдоого багытталган, ошондой эле ШКУ, ЖККУ жана КМШ мамлекеттеринин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жакшыртууга көмөктөшөт.
“Саханд-2025” биргелешкен антитеррордук машыгууларга катышуу үчүн Тебризге келген ШКУнун антитеррордук түзүмүнүн директору Уларбек Шаршеев Ирандын Тышкы иштер министрлигинин ШКУ жана БРИКС иштери боюнча башкы директору Мехрдад Киаи менен жолугушуп, бир катар маселелерди талкуулады.
Жолугушууда Шаршеев биргелешкен антитеррордук машыгуунун ийгиликтүү уюштурулушун жогору баалап, мүчө мамлекеттердин коопсуздугун сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Ал Ирандын бул түзүмдөгү активдүү жана таасирдүү катышуусу террордук коркунучтарга каршы күрөшүүдө бекем чечкиндүүлүгүнүн далили экенин айтты.
Ошондой эле, ал Иран тарабынан коопсуздук боюнча стратегиялык изилдөө борборун түзүү сунушун кубаттады.
Өз кезегинде Киаи ШКУнун жана аймактык антитеррордук түзүмдүн Ирандын тышкы саясатындагы орду тууралуу маалымат берип, бул уюмду региондун келечектеги коопсуздук архитектурасына алып барчу маанилүү платформа катары мүнөздөдү. Ал Ирандын терроризмге каршы структураны чыңдоого багытталган демилгелерди колдоорун баса белгиледи.
Киаи Ирандын терроризмге каршы күрөшүү жаатында топтогон баалуу тажрыйбасын эске салып, өлкөнүн коопсуздук жана аскердик мекемелери ШКУнун антитеррордук түзүмүндө конструктивдүү жана негизги ролду ойноого умтуларын кошумчалады.
Ал Шаршеевдин жетекчилик ролун да жогору баалап, анын эмгегине ыраазычылык билдирди.














