Тегеранда АКШ жана Израилдин Иранга каршы чабуулдарында каза болгон жогорку даражалуу командирлерди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат.
Жерге берилип жаткан аскер адамдарынын арасында Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын башчысы Абдулрахим Мусави, коргоо министри Азиз Насирзаде, Ислам революциясынын сакчылар корпусунун башкы командачысы Мохаммад Пакпур жана Коргоо кеңешинин катчысы Али Шамхани, ошондой эле башка бир нече аскер жетекчилери бар.
Тегерандын борбордук аянттарынын бири “Энгелабга” миңдеген адамдар чогулду. Ирандыктар Ислам Республикасынын желектерин, жаңы шайланган жогорку лидер Можтаба Хаменеинин жана курман болгондордун портреттерин көтөрүп чыгышты.
Аянттын алдына АКШ менен Израилдин чабуулунан каза болгон экинчи жогорку лидери Али Хаменеинин чоң плакаты орнотулган. Аны жерге берүү зыйнаты белгисиз мөөнөткө жылдырылган.

















