Ирандын түндүк-чыгышындагы Түштүк Хорасан провинциясында көмүр шахтасында болгон жарылуудан 52 адам каза таап, 22 киши жарадар болду.
Бул тууралуу «Tasnim» агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, жарылуу 21-сентябрда Тебес шаарындагы шахтада болгон.
Алдына ала маалымат боюнча кырсыкка туннелдердин биринде метандын агып кетиши себеп болгону кабарланууда.
Жарылуу болгон учурда шахтанын В жана С блокторунда 69 адам болгон. В блогунан 20 жумушчунун сөөгү чыгарылып, С блогунда иштеген 30 адамдын баары каза болгон. Жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүлүүдө.
Түштүк Хорасандын губернаторунун алдындагы кризисти башкаруу бөлүмүнүн башчысы Мохаммад Али Ахунди тактагандай, кен 250 метр тереңдикте жатат жана узундугу 700 метрди түзөт. Ал куткаруу иштерине 40 куткаруучу катышып жатканын кошумчалады.
Буга чейин Ирандын PressTV мамлекеттик телеканалы шахтадагы жарылуудан кеминде 30 адам каза таап, дагы 17си жарадар болгонун кабарлаган.
Ирандын президенти Масуд Пезешкиан шахтада калган жумушчуларды куткаруу жана алардын үй-бүлөлөрүнө жардам берүү үчүн бардык аракеттерди көрүүгө буйрук берип, окуянын себептерин иликтөөнү жана күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну тапшырды.
Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи шахтада болгон жарылууда каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, бийлик өкүлдөрүн жабыркагандарды куткарууга, кырсыктын кесепеттерин жоюуга жана жеринде тез жардам көрсөтүүгө бардык күч-аракетин жумшоого чакырды.
IRNA агенттигинин маалыматына ылайык, Табас – Ирандагы эң чоң жана эң бай көмүр бассейни болуп саналат. Анын аянты 30 миң чарчы чакырымдан ашык, кокс жана энергетикалык көмүрүнүн запасы 75,2 миллиард тоннаны түзөт.
Өткөн жылы өлкөнүн түндүгүндөгү Дамган шаарындагы көмүр шахтасында жарылуу болуп, алты адам каза болгон. Жергиликтүү басылмалар анда да жарылууга метан себеп болушу мүмкүн экенин жазышкан.



















