Иранда президенттик шайлоодо талапкерлердин бири да жетиштүү добуш ала албагандыктан экинчи турду өткөрүү 5-июлга белгиленди.
Бул тууралуу өлкөнүн шайлоо комиссиясынын өкүлү Мохсен Эслами билдирди.
Иранда президенттик шайлоо 28-июнда өткөн.
Жалпы 24 535 185 шайлоочунун добушу эсептелди.
Биринчи турдун жыйынтыгы:
- Масуд Пезешкиян: 10 415 191 добуш (42,45%);
- Саид Жалили: 9 473 298 добуш (38,61%);
- Мохаммад Бакер Галибаф: 3 383 340 добуш (13,79%);
- Мостафа Пурмохаммади: 206 397 добуш алды (0,08%)
- Жараксыз бюллетендер: 1 056 959 (4,3 %).
Иранда мыйзам боюнча президенттик шайлоодо талапкер жеңишке жетүү үчүн берилген добуштардан 50% кем эмесин алышы керек. Эгерде талапкерлердин бири да жетишерлик добушка ээ болбосо, анда шайлоого алдыдагы эки талапкер ат салышат.
Ошентип, 5-июлда Пезешкиан менен Жалилинин экинчи турда кездешет.
Шайлоого катышуу 40%ды түздү.
Ислам республикасында мөөнөтүнөн мурда презмденттик шайлоо 19-майда өлкөнүн президенти Ибрахим Раиси авиакырсыкта каза болгондугуна байланыштуу өткөрүлдү.
Президенттик кызматка ат салышууга алгач алты киши катталып, үгүт маалында вице-президент Амир Хоссейн Газизаде Хашеми жана Тегеран шаарынын мэри Алиреза Закани парламент спикери Мохаммад Багер Галибаф менен Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин өкүлү Саид Жалилинин пайдасына шайлоо жарышынан чыгып кеткен.
Эске салсак, Иранды 2021-жылдын август айынан бери башкарып келген Ибрахим Раиси, тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиян жана башка бир нече киши бараткан тик учак быйыл 19-майда Ирандын Азербайжан менен чек арасында кырсыкка учураган. Учакта аман калгандар болгон эмес.

















