Ирандагы нааразылык акциялары учурунда каза болгон балдардын денесинен израилдик согуштук октор табылган. Бул факт соттук-медициналык экспертиза тарабынан тастыкталганын ТАСС агенттигине Ирандын күч түзүмдөрүндөгү булак билдирди.
“Бул Исфахан шаарынан сегиз жаштагы кыз болчу. Ал жакында болгон башаламандыктар маалында үй-бүлөсү менен соода кылууга чыкканда, террористтердин огунан курсагына, ээгине жана желкесине ок тийип, каза болгон. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, табылган октор израилдик согуштук октор экени аныкталган”, — деп билдирди агенттиктин маектеши.
Ал ошондой эле ушуга окшош жагдайда өлтүрүлгөн дагы бир бала тууралуу айтып берди.
“2026-жылдын 7-январь күнү кечинде Керманшах шаарында үч жаштагы Мелина Асади атасы менен бирге балдар үчүн сүт аралашмасын жана суук тийүүгө каршы дары сатып алуу үчүн дарыканага чыккан. Үйүнө кайтып келе жатканда, арт жагынан террористтер күтүүсүздөн ок чыгарып, натыйжада бала каза болгон”, — деп маалымдады булак.
Буга чейин Ирандын Жогорку лидери аятолла Али Хаменеи акыркы нааразылык акцияларында миңдеген адамдардын каза болгонун айтып, алардын өлүмү үчүн АКШ менен Израилди күнөөлөгөн.
Ал Израиль жана АКШ менен байланышы барлар эбегейсиз чоң зыян келтирип, бир нече миң адамдын өмүрүн алганын айтып, нааразычылык акциясынын катышуучулары имараттарды өрттөп, коомдук мүлктү талкалап, башаламандык жаратканын кошумчалаган.
АКШнын президенти Дональд Трамп ирандык демонстранттарды нааразылык акцияларын улантууга чакырып, Ирандын жетекчилигине коопсуздук күчтөрү зомбулукка барса, Вашингтон аскердик кийлигишүүгө барышы мүмкүн экенин эскерткен.
Ирандагы нааразычылык акциялары 2025-жылдын декабрь айынын аягында жергиликтүү валюта – иран риалынын девальвациясынан улам башталган. 8-январдан бери башаламандыктар күчөп, көчөдө элге жана коопсуздук күчтөрүнө кол салган куралчан террорчулар пайда болгон. АКШ менен Израилди башаламандыктарды уюштурган деп айыптаган Иран бийлиги дүйшөмбү күнү кырдаал көзөмөлгө алынганын жарыялады.
Башаламандык учурунда 250дөн ашык мектеп, 300 мечит жана 90 диний билим берүү мекемеси жабыркаганын Ислам Республикасынын Мажлисинин (бир палаталуу парламент) Улуттук коопсуздук жана тышкы саясат комитетинин төрагасы Эбрахим Азизи билдирди. Анын айтымында, 3700дөн ашык адам жаракат алган. Каза болгондордун арасында аялдар жана балдар да бар.
Буга чейин Ирандын коопсуздук күчтөрү Исфахан провинциясынын түштүгүндө АКШ жана Израил менен байланышы бар деп айыпталган 73 куралчан согушкерди кармаганын Ирандын “Tasnim” маалымат агенттиги Исфахан провинциясынын Башкы чалгындоо башкармалыгына шилтеме берип кабарлаган.
















