Израилдин Иран аймагына жасаган соккуларынан каза болгондордун саны 935ке жетти. Алардын ичинен 38и балдар жана 102си аялдар.
Бул тууралуу Ирандын сот бийлигинин өкүлү Асгар Жахангир дүйшөмбү күнү билдирди.
“Израиль АКШ менен бирге Иранда миңге жакын адамды өлтүрдү. Акыркы соттук экспертизанын маалыматы боюнча, 935 курмандык катталды”, – деп билдирген Жахангирдин сөзүн Tasnim маалымат агенттиги келтирди.
Ал Израилдин Ирандын Эвин түрмөсүнө жасаган соккусунан каза болгондордун саны 79га жеткенин кошумчалады. Анын ичинде абактагылар да, түрмөгө барган туткундардын жакындары да, административдик кызматкерлер да бар.
Маалыматка ылайык, жаза өтөө мекемесинин имараттарына бир нече снаряд түшкөн.
Эске салсак, Израиль 13-июнга караган түнү Иранга каршы аскердик операцияны баштаган. Бир сутка өтпөй Ислам республикасы жооп иретинде чабуул койгон.
Жаңжал күчөп кеткенден тогуз күн өткөндөн кийин, 22-июнга караган түнү АКШ жаңжалга аралашып, америкалык куралдуу күчтөр Ирандын үч өзөктүк объектисине сокку жасаган. Иран мындай чабуулдарга карабай өзүнүн өзөктүк программасын өнүктүрүүнү уланта берерин билдирген.
23-июнь кечинде Тегеран Катардагы америкалык Жакынкы Чыгыштагы эң ири аскер аба базасы — Аль-Удейдге ракеталык чабуул койгон.
Кийинчерээк Дональд Трамп Израиль менен Иран ок атышууну толугу менен токтотууга макулдашканын билдирген. Ок атууну токтотуу режими 24-июндан тарта күчүнө кирген.
Ирандын Израилге жасаган жооп ирээтиндеги соккуларынын натыйжасында жалпысынан 28 адам каза болуп, 1472 киши жарадар болгонун буга чейин өлкөнүн премьер-министринин аппаратынын кеңешчиси Дмитрий Гэндельман Telegram-каналынан билдирген.



















