Бодибилдинг боюнча дүйнө чемпионаты 23-27-сентябрда Ирандын Киш аралында өтөт.
Ирандын бодибилдинг федерациясынын президенти Абдул Махди Насирзаде өлкөнүн тышкы иштер министри Аббас Аракчи менен жолугушуп, алдыда Иранда өтө турган бодибилдинг боюнча дүйнөлүк чемпионат боюнча пикир алмашты.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Аббас Аракчи Тышкы иштер министрлиги бодибилдинг боюнча дүйнөлүк чемпионаттын өткөрүлүшүн сөзсүз колдой турганын билдирди.

Бодибилдинг федерациясынын президенти өз кезегинде Аббас Аракчини дүйнөлүк чемпионатка атайын конок катары чакырып, Дүйнөлүк бодибилдинг федерациясынын президентинин куттуктоосун тапшырды.
Жолугушууда Аракчи Тышкы иштер министрлиги бодибилдинг боюнча дүйнөлүк чемпионаттын өткөрүлүшүн сөзсүз колдоо көрсөтөөрүн айтып, Насирзадеге жана федерациядагы кесиптештерине бул иш-чараны уюштурууда ийгиликтерди каалады.
Ирандын бодибилдинг федерациясынын президенти буга чейин маалымат жыйында бул мелдештерге 60ка жакын өлкөнүн спортчулары катышары күтүлүп жатканын билдирген.
Бодибилдинг же культуризм – спорттун бир түрү. Бодибилдинг деген сөздү кыргызчага которгондо, body – дене, жана building – куруу, демек, “денени куруу” дегенди билдирет. Атлеттер оор чоюн темирлерди көтөрүү менен булчуңдарын чоңойтуп машыгышып, дененин эстетикасы боюнча мелдешишет.

















