Ирандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Исмаил Багаи дүйнөдөгү бардык христиандарды, өзгөчө мекендештерин Рождество майрамы менен куттуктады.
Дүйнөдөгү миллиондогон христиандар христиан майрамдарынын эң негизгилеринин бири Рождество же Иса пайгамбардын туулган күнүн майрамдап жатышат. Рождество майрамын католиктер менен протестанттар 25-декабрда, ал эми православдар 7-январда белгилешет.
Иранда жашаган христиандар, атап айтканда армян диаспорасы да бул майрамды өзгөчө белгилешет. Ири христиан жамааттары Ирандын ири шаарларында – Тегеран, Исфахан жана Тебризде жашашат.
Исмаил Багаи бул майрам — адилеттикке, тынчтыкка жана боорукердикке чакырган Иса Пайгамбардын чакырыктарын эске салуу үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк экенин белгиледи.
Ал ошондой эле Иран Иран ар түрдүү диндер менен маданияттар ортосундагы жанаша жашоонун жана түшүнүүнүн бай тарыхы менен сыймыктана турганын, ошондой эле Ыбрайым жана дүйнөлүк диндердин жалпы мурасын жогору баалай турганын белгиледи.
Бул куттуктоо Ирандын заманбап коомуна мүнөздүү болгон тынчтыкта жанаша жашоо жана ар түрдүү диндерди урматтоо духун баса белгилейт.



















