Ирандын Керман шаарындагы көрүстөнгө жакын жерде теракт жасаган жанкечтинин биринин өздүгүн аныктады. Бул тууралуу өлкөнүн Маалымат (чалгындоо) министрлигине шилтеме берүү менен IRNA агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, жанкечтинин бири Тажикстандын жараны болгон.
“Эки жанкечтинин бири Тажикстандын жараны болгон, экинчи террорчунун өздүгү азырынча так аныктала элек”, — деп айтылат билдирүүдө.

“Ислам мамлекети” террордук тобу мойнуна алган жанкечтилердин жардыруусуна байланыштуу өлкөнүн 6 провинциясынан 12 шектүү кармалган.
3-январда Ирандын түштүк-чыгышында жайгашкан Керман шаарындагы көрүстөндө ирандык генерал Касем Сулейманини эскерүү иш-чарасы өтүп жаткан учурда кош жарылуу болгон. Окуяда кеминде 91 киши набыт болуп, 284 киши жаракат алган.
Ислам революциясынын сакчылар корпусунун “Кудс” бөлүгүнүн кол башчысы Касем Сулеймани 2020-жылдын 3-январында Багдаддын жанындагы аэропортко бараткан жолдо америкалык дрондун соккусунан каза тапкан, сөөгү өзү туулуп-өскөн Керман шаарына коюлган. Беш күндөн кийин Тегеран ага жооп катары АКШнын Ирактагы күчтөрү жайгашкан эки базага сокку урган.
Эске салсак, өткөн жылдын август айында Ирандын Шираз шаарындагы “Шахчераг” мечитине курал менен кол салган негизги террорчу да Тажикстандын жараны болгон. Анда террорчунун огунан бир адам каза таап, 8 киши жаракат алган.



















