Иран Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) Израилдин агрессиясына байланыштуу Ислам республикасына көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
Бул тууралуу Ирандын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Аббас Аракчи Пекин шаарында өтүп жаткан Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынынын алкагында билдиргенин ISNA агенттиги жазды.
“ШКУ өтө маанилүү аймактык уюм жана биз ага чоң маани беребиз. Анын алкагында коопсуздук маселелери да талкууланат. Биз анын Израилдин агрессиясына байланыштуу Иранды колдоорун билдиргенине кубанычтабыз”, – деди ал.
Аббас Аракчи Кытайдын Тяньцзинь шаарында өтүп жаткан ШКУнун Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйынына катышууда. Жыйындын алкагында ал Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин ШКУга мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер ведомстволорунун башчылары менен болгон коллегиялык жыйынына катышты. Ошондой эле Россиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров менен жолугушту.
Жакынкы Чыгыштагы жаңжал 13-июнга караган түнү курчуган. Анда Израиль Ирандын аймагына кол салып, өлкөнүн аскердик жана өзөктүк объекттерин бутага алынган. Ага жооп катары Ислам Республикасы жөөт мамлекетинин аймагына сокку урган. 22-июнда бул жаңжалга АКШ кошулуп, Ирандын Фордо, Натанз жана Исфахан шаарларындагы үч өзөктүк объектиге сокку жасады. Ислам республикасы жооп ирээтинде Катардагы америкалык базага сокку урган.
Тараптардын жаңжалы 12 күнгө созулуп, акыры 24-июнда ок атууну токтотууну макулдашкан.
14-июнда Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) өлкөлөрү Жакынкы Чыгыштагы чыңалуунун күчөшүнө тынчсызданып, Израилдин Иран аймагына жасаган аскерий соккуларын кескин айыпташкан.




















