Иранга Россияда жасалган Як-130 аскердик-окуу учактары жеткирилди. Бул тууралуу IRNA мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка караганда, россиялык Як-130 учактары Иранга жеткирилип, өлкөнүн аба күчтөрүнүн курамына өткөрүлүп берилген. Бул учактар республиканын аскер-аба күчтөрүнүн жаңы муундагы согуштук учактарында уча турган жаңы учкучтарды даярдоо үчүн колдонулат.
Билдирүүдө борт номери 7-9701 болгон Як-130 учагынын сүрөтү кошо тиркелген.
Иранга канча учак жеткирилгени маалымдалган эмес. IRNA агенттигинин маалыматына ылайык, Иран бийлиги Як-130 учагы өлкөгө келгенин азырынча расмий тастыктай элек.
Айрым ЖМКлардын маалыматына караганда, биринчи Як-130дар Иранга транспорттук учак менен жеткирилген. Андан соң алар чогулуп, Исфахандагы авиабазадан сыноо учууларын жасаган.