Орусия, Иран жана Кытайдын өкүлдөрү 22-июлда Тегеранда жолугуп, Ислам Республикасынын өзөктүк программасын талкуулай турганын Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Исмаил Багаи билдирди.
Жолугушуу Тегеран менен Вашингтондун ортосундагы сүйлөшүүлөрдү кайра жандантуу мүмкүндүгү, ошондой эле Ирандын Стамбулда “Европа үчтүгүнүн” өлкөлөрү менен боло турган алдыдагы жолугушуусу тууралуу маалыматтардын фонунда өтөт.
“Эртең Тегеранда Иран, Кытай жана Россиянын үч тараптуу жолугушуусу болот, анын негизги темаларынын бири өзөктүк маселе, тактап айтканда, санкцияларды кайтаруу маселеси талкууланат”, – деди Багаи журналисттерге.
Ирандын Тышкы иштер министрлиги жолугушуу болорун, бирок тараптардан кимдер келерин тактаган жок. Ошентсе да сүйлөшүүлөр министрлер деңгээлинде жүрбөй турганы белгилүү.
Иран, Кытай жана Россиянын жыйыны Иран менен Израилдин ортосунда июнь айында 12 күндүк жаңжал чыккандан кийин Ирандын өзөктүк маселесин талкуулоо үчүн өткөрүлөт.
Аскердик аракеттер Тегерандын өзөктүк программасы жана ага каршы санкцияларды алып салуу боюнча иран-америкалык сүйлөшүүлөрдү үзгүлтүккө учураткан. Ал кезде Иран менен АКШ Омандын ортомчулугу менен кыйыр сүйлөшүүлөрдүн беш айлампасын өткөрүшкөн, алтынчы айлампасы 15-июнга белгиленген, бирок Израилдин согуштук аракеттери башталганына байланыштуу ал болгон эмес.
Израил, кийинчерээк АКШ Иранды жашыруун аскердик өзөктүк программасын иштеп чыгууда деп айыптаган. Ушул себептен эки өлкөнүн аба соккусуна дуушар болгон жаңжалда Ирандын өзөктүк объектилери негизги бутага айланган. Иран айыптоолорду четке кагып, Израилге жооп чабуулдарын жасап, АКШнын Ирактагы аскердик базасына сокку урган.
Белгилей кетсек, 20-июлда Иран менен европалык үчтүк (Улуу Британия, Франция жана Германия) өзөктүк программа боюнча сүйлөшүүлөрдү кайра баштоону макулдашканы белгилүү болгон. Тараптардын тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деңгээлиндеги жолугушуусу 25-июль күнү Стамбулда өтөт.


















