Ирандын президенти Масуд Пезешкян Беларустун президенти Александр Лукашенко менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Пезешкиан Минскиге 19-август күнү кечинде келген. Сүйлөшүүлөрдө негизги тема эки өлкөнүн ар түрдүү тармактардагы кызматташтыгын кеңейтүү болду.
Беларус президентинин маалымат кызматы кабарлагандай, тар жана кеңейтилген курамдагы сүйлөүүлө Эгемендүүлүк сарайында өттү. Жолугушуунун жыйынтыгында Минск менен Тегерандын өнөктөштүгүн кеңейтүүгө багытталган эки тараптуу документтерге кол коюлду.
Масуд Пезешкиан эки тараптуу достук мамилелерден тышкары Иран менен Беларус дагы көптөгөн аймактык жана эл аралык маселелер боюнча жакын позицияларга ээ экенин жана эл аралык форумдарда конструктивдүү кызматташып жатканын айтты. Ал кошумчалагандай, “ЕАЭБ, Шанхай Кызматташтык Уюму жана БРИКС дагы эки өлкөнүн ортосундагы конструктивдүү өз ара аракеттенүүнү илгерилетүү жана кеңейтүү үчүн негиз жана платформа болуп саналат.
Анын пикиринде, бул түзүмдөрдүн аркасында Иран менен Беларус көп тараптуу гана эмес, эки тараптуу мамилелерди да өнүктүрө алат.
Ал Батыш 40 жылдан ашуун убакыттан бери Иранга каршы түрдүү чектөө чараларын көрүп келе жатканын, Беларус дагы көптөн бери Батыштын санкцияларында экенин эске салды. Пезешкиан АКШнын жана анын дүйнөдөгү союздаштарынын мындай бир тараптуу деструктивдүү мамилеси кабыл алынгыс деп эсептеди.
“Биздин да, силердин да өлкө – көз карандысыз болууну каалайбыз. Көз карандысыз чечимдердин алкагында биз достукту жана кызматташтыкты өнүктүрө алабыз. Биздин мамилелерибиздин өнүгүшү жана иш жүзүндө ишке ашырыла турган келишимдерибиз бул мыйзамсыз санкцияларды таасирсиз кыла аларын түшүнөбүз”, – деп баса белгиледи ал.
Александр Лукашенко өз кезегинде Иран президентинин сапары эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдө, эки өлкөнүн өз ара урматтоо жана ишенимге негизделген өнөктөштүгүн бекемдөөдө жаңы этап болуп саналаарын белгиледи.
“Геосаясий туруксуздуктун шарттарында Минск менен Тегеран кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү үчүн ырааттуу жана тең салмактуу кадамдарды жасап, ар бир жаңы чакырыкты жаңы мүмкүнчүлүккө айландыруу үчүн талыкпай иштеп жатышат”, – деп баса белгиледи ал.
Лукашенко ошондой эле ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы Эркин соода келишиминин күчүнө киришин кубаттады.
“Бул биздин өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык кызматташууга кубаттуу түрткү берип, өз ара сооданын ассортиментин кеңейтүү жана көлөмүн көбөйтүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөөрүнө ишенем”, – деп баса белгиледи ал.
Беларустун президенти акыркы беш жылдын ичинде эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү беш эсеге өскөнүн кошумчалады.
“Беларусь өнөр жай кооперациясы жаатында карьер, трактор жана айыл чарба техникаларын чыгаруу боюнча өндүрүштүк ишканаларды түзүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр. Бул жерде биз биргелешкен өндүрүштөрдү, биргелешкен ишканаларды түзүүгө жана жабдууларыбызды Иранда локалдаштырууга даярбыз”, – деп баса белгиледи Александр Лукашенко.
Ал Беларусь Иран мене инвестициялык, банктык-финансылык жана транспорттук чөйрөлөрдө, илимий-техникалык жана билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт сыяктуу маанилүү тармактарда кызматташууну өнүктүрүү ниетинде.
Лукашенко Беларусь менен Иран биргелешкен күч-аракеттер менен заманбап чакырыктарга ийгиликтүү жооп берип, жаңы горизонтторду ачып, өлкөлөр үчүн гүлдөп-өнүккөн келечекти кура алышарын кошумчалады.
Эгемендүүлүк сарайында өткөн жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Лукашенко менен Пезешкян эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди тереңдетүү боюнча биргелешкен билдирүүгө кол коюшканын Иран президентинин маалымат кызматы кабарлады.
Мындан тышкары, Иран менен Беларустун жогорку даражалуу расмий өкүлдөрү эки өлкөнүн президенттеринин катышуусунда саясат, эл аралык укук, туризм, искусство, медиа, саламаттык сактоо, фармацевтика, өнөр жай, экология, эркин, өнөр жай жана инвестициялык зоналар боюнча 12 кызматташтык документке кол коюшту.




















