Бүгүн Иранда мөөнөтүнүн мурда президентин шайлоо өтүп жатат.
Кыргызстандагы Иран жарандары да өз өлкөсүндөгү президенттик шайлоого активдүү катышып жатышат.
Добуш берүү Ирандын Бишкектеги элчилигинде уюштурулду. Иран элчилигинде “Eurasia Today” агенттингинин кабарчысы болду.
Шайлоо участогу Бишкек убактысы боюнча саат 09:00дө ачылды. Алгачкы мүнөттөрдөн тартып ирандыктар өздөрүнүн жарандык милдеттерин аткарышып, өз добуштарын берип жатышат.
Шайлоо кандай өтүп жатканын “Eurasia Today” агенттигинин сүрөт түрмөгүнөн көрүңүздөр.
Иранда кезексиз президенттик шайлоо 19-майда өлкөнүн президенти Ибрахим Раиси авиакырсыкта каза болгондугуна байланыштуу өткөрүлүүдө.
Президенттик шайлоодо 4 талапкер ат салышууда.

Алар:
- Ички иштер жана юстиция министрликтеринин мурдагы башчысы Мостафа Поурмохаммади;
- Иран парламентинин (Мажлис) спикери Мохаммад Багер Галибаф;
- Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин өкүлү Саид Жалили;
- Мурдагы саламаттыкты сактоо министри Масуд Пезешкян.
Буга чейин алты талапкер катталган эле. Бирок алардын экөө – вице-президент Амир Хоссейн Газизаде Хашеми жана Тегеран шаарынын мэри Алиреза Закани ушул аптада шайлоо жарышынан чыгып кеткен.
Өлкөдө 61 миллион 452 миң 321 адам добуш берүү укугуна ээ. Иранда шайлоо участкалары жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00дө ачылды, жабуу саат 18:00гө белгиленген, бирок зарылчылык жаралса, алардын ишин бир нече саатка узартууга болот.

















