Ирандын президенти Масуд Пезешкяндын Россияга сапары РФ президенти Владимир Путиндин планында жылдын аягына чейин жок, бирок даярдык уланууда, анткени Москва менен Тегеран ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк келишимине кол коюуну кийинкиге калтырууга ниеттенбейт.
Бул тууралуу орус мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналисттерге билдирди.
“Тараптар чындап эле (келишимге- ред.) кол коюуну кечеңдетүүгө ниеттенишпейт”, – деди Кремлдин басма сөз катчысы.
Бирок, анын айтымында, “учурда жылдын аягына чейин мындай сапар болот деген так түшүнүк жок”.
Анын айтымында, “зарыл болсо, мындай байланыштарды тез арада макулдашууга болот”.
“Бирок мындай визит даярдалууда, даярдыктар жүрүп жатат”, – деди Кремлдин өкүлү.
Буга чейин Пезешкян РФ президенти Владимир Путин менен “жакынкы келечекте” жолугарын айткан. Бул тууралуу ал президент катары экинчи маегинде билдирип, ал дүйшөмбү күнү кечинде мамлекеттик телеканалдын 1-каналы аркылуу түз эфирде көрсөтүлгөнүн, Иран өкмөтүнөн билдиришкен.
Эске салсак, октябрдын аягында орус президентинин жардамчысы Юрий Ушаков Пезешкян Россияга жыл аягына чейин ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк келишимине кол коюу үчүн келиши мүмкүн экенин, сапардын убактысын Москва менен Тегеран эң жакынкы арада макулдашарын журналисттерге билдирген. Ал тараптар президенттердин графигинен ылайыктуу “сапар үчүн бир бош убакытты” таба турганын, анткени Москва менен Тегеран маанилүү келишимге кол коюшу керек экенин айткан.
2-декабрь күнү Пезешкян Сириядагы кырдаалга байланыштуу Путинге телефон чалып, сүйлөшкөн. Анын жүрүшүндө мындан аркы байланыштардын планы айтылган.

















