Ирандын президенти Ибрахим Раиси ата мекендик өндүрүштөгү электромобилди өзү айдап, сынап көрдү.
Раиси электромобилдер толугу менен ирандык адистер тарабынан жасалганын белгилеп, мындай унаалардын артыкчылыгы абанын таза болушуна өбөлгө түзөрүн билдирди.
Анын айтымында, электр кубаты менен жүргөн мындай унаалар жакында сериялык өндүрүшкө чыгарылып, борбор калаа Тегерандагы коомдук транспорттор электромобилдерге алмаштырылат.
Видеону “Fars News” агенттиги жарыялады.
Маалыматка караганда, Иран президенти гибриддик унааларды жана электромобилдерди жасап, чогулткан ата мекендик автоөндүрүш компаниялардын ишканасына барып, унааларды өндүрүү жана коммерциялаштыруу процесси менен таанышты.
Маалыматта Тегеранда электромобилдерди кубаттоочу станцияларды орнотуу иштери башталганы белгиленет.