Ирандын пахта изилдөө институтунун директору Гурбан Горбани өлкөнүн 13-өкмөтү пахта өстүрүүдө жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөткөнүн айтып, өткөн жылы элдик өкмөттүн колдоосу менен Иран пахта үрөнүн өндүрүү боюнча өзүн-өзү камсыздоого жетишкенин билдирди.
Ал учурда өлкөдө сапаттуу жана стандарттуу үрөндөр өндүрүлүп жатканын жана азыркы тенденция уланса, Иран жакынкы жылдары бул үрөндөрдү экспорттоочу өлкөгө айланарын айтты.
Анын айтымында, дыйкандарга пахта үрөнүнүн ордуна буласыз уруктар жеткирилип, ошентип ар гектарга пахта үрөнүн чыгымдоо 40 килограммдан 15 килограммга чейин кыскарган.
Горбани ошондой эле пахта жумуш орундарын түзүүчү продук экенин да кошумчалады.
Ал мурда Голестанда пахтаны өстүрүү 180 — 200 күнгө жакын убакытка созулуп, бир гана түшүмдү алууга мүмкүн болсо, 1996-жылы Гүлестанда өлкөнүн пахта илим-изилдөө институтунун ачылышы менен жакшы илимий-изилдөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжада пахтанын товардык 14 сорту чыгарылып, пахтанын өсүү мезгилин 110 -130 күнгө чейин кыскарганын белгиледи.
Горбани пахтанын жаңы сортторунун артыкчылыктарынын катарында анын сапаты, эмгек чыгымдарынын кыскарышы, суунун үнөмдөлүшү жана пестициддерди аз колдонуу бар экенин белгиледи.
Ал белгилегендей, өлкөнүн пахта илим-изилдөө институтунун максаты дыйкандын кирешесин жогорулатуу жана өндүрүш процессинин убактысын кыскартуу.

















