Иран менен Тажикстан коргонуу тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Бул тууралуу “Sputnik Тажикстан” агенттиги жазды.
Ирандын коргоо министри Амир Носирзода тажик кесиптеши Эмомали Собрзода менен болгон жолугушуусунда Тажикстандын коргоо министринин Иранга жасаган алгачкы чет элдик сапарын эки өлкөнүн мамилесинде коргонуу жана аскердик кызматташтыктын өзгөчө орундун белгиси катары баалады.
Ал эки өлкөнүн түрдүү тармактарда, анын ичинде тил, маданий, диний, тарыхый жана цивилизациялык чөйрөлөрдөгү өз ара аракеттешүүсү тууралуу айтып, Тажикстандын Ирандын тышкы саясатындагы өзгөчө жана көрүнүктүү ордун белгиледи.
Ирандын Коргоо министри Ислам республикасынын Тажикстан боюнча позициясы стратегиялык жана өз ара урматтоого негизделген деп билдирди.
«Тажикстан менен болгон мамиле бир туугандыкка, тууганчылыкка негизделген мамилелер», – деп кошумчалады ал.
Носирзода эки мамлекеттин башчыларынын акыркы отуз жылдагы жолугушууларын жогорку бийлик өкүлдөрүнүн кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экендигинин белгиси деп атады.
Анын айтымында, өлкөлөр жалпысынан аймактык жана эл аралык аренада бирдей позицияларды ээлейт.
Ирандын коргоо министри коопсуздук көйгөйлөрүнүн пайда болушуна жол бербөө, ошондой эле терроризм жана экстремизм менен күрөшүү үчүн эл аралык уюмдарга, анын ичинде Шанхай кызматташтык уюмуна катышуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Тажикстандын Коргоо министри өз кезегинде эки өлкөнүн бай социалдык, маданий, диний жана тарыхый байланыштарына токтолуп, өлкөлөр кызматташууда абдан жакшы натыйжаларга жетишкенин билдирди.
Ал эки тараптуу мамилелерди бекемдөө жана коргонуу тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле терроризмге, экстремизмге, курал-жарак аткезчилигине, уюшкан кылмыштуулукка жана аймактык коопсуздукка коркунучтарга каршы биргелешип күрөшүү зарылдыгын белгиледи.
Белгилей кетсек, Тажикстандын коргоо министри Эмомали Собирзода Ислам республикасына расмий сапар менен барган. Бул Собирзоданын Иранга Коргоо министри катары биринчи сапары. Коргоо министрлигине жетекчи болуп дайындалгандан кийинки биринчи чет элдик сапары Россияга болгон.
Эске сала кетсек, Тажикстандын Коргоо министри буга чейин 2023-жылы Иранга сапары менен барган. Ал учурда бул кызматты Шерали Мирзо ээлеп турган.

















