Иран Ислам Республикасы менен Россия Федерациясынын расмий өкүлдөрү 2025-жылдын 6–7-ноябрында Махачкала шаарында биргелешкен деңиз консорциумун түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатышат. Бул тууралуу ИРНА агенттигине берген маегинде Ирандын Порттор жана кеме жүрүү уюмунун башкы директору Саид Расули билдирди.
«2025-жылдын 25-апрелинде Москвада өткөн Иран-Россия биргелешкен экономикалык комиссиясынын жыйынында тараптар порттор жана кеме жүрүү компанияларынын биргелешкен консорциумун түзүү үчүн Махачкалада жолугушуу өткөрүүгө макулдашкан», — деди Расули. Ал белгилегендей, консорциумду түзүү максатында Ирандын деңиз жана порт тармагынан жогорку деңгээлдеги делегация Россияга жөнөгөн.
Порттор жана кеме жүрүү уюмунун башчысы билдиргендей, жолугушуу бүгүн жана эртең Дагестандын Махачкала шаарында өтүп, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар консорциумду түзүү долбоорун ишке ашыруунун практикалык этабына жакындаарына үмүтүн билдирди.
Анын айтымында, бул консорциум ар түрдүү багыттарды камтып, эки өлкөнүн жеке секторлорунун күч-аракетин бириктирүүгө багытталган ыкма менен ишин баштайт. Ал жүктөрдү ташуу, жүргүнчү ташуу жана туризм тармактарында кызматташтыкты өркүндөтүүнү көздөйт.


















