Иран парламентинин спикери Мохаммад Багер Галибаф Тегеран менен Исламабаддын ортосундагы байланыштардын тереңдигин белгилеп, эки өлкөнүн жалпы кызыкчылыктарын жана экономикалык кызматташууну кеңейтүүнүн артыкчылыгын баса көрсөттү.
Пакистанга парламенттик делегацияны баштап келген Галибаф Исламабаддагы Улуттук ассамблеяда Аяз Садик менен жолугушту.
Өз визитине канааттанганын билдирип, Галибаф Израилдин агрессиясына каршы турууда Иранды колдогон пакистан элине ыраазычылык билдирди. Ал мындай тилектештик эки өлкөнүн ортосундагы терең жана узакка созулган достукту чагылдырарын белгиледи.
Галибаф кошумчалагандай, оор мезгилдерде биргелешип иш алып баруу Тегеран менен Исламабаддын мамилесинин бекемдигин көрсөтөт. Ал бул сапар эки өлкөнүн парламенттер аралык байланышын дагы да чыңдоого өбөлгө болоруна үмүт артты.
Израилдин жакында Иран аймагына жасаган чабуулуна кайрылып, Галибаф “алгачкы сааттар оор болгонуна карабастан, Иран тез жана чечкиндүү жооп кайтарды” деди. Ал белгилегендей, Израил режими түзүлгөн 1948-жылдан бери Иран мындай деңгээлдеги соккуга туш боло элек.
Галибафтын айтымында, Иран менен Пакистан өздөрүнүн көптөгөн жалпы кызыкчылыктарын эске алуу менен, Израилдин экспансионизмине жана анын тарапташтарына каршы күрөштө тыгыз кызматташса болот.
Ал мындан тышкары, Тегеран менен Исламабад саясий, экономикалык жана маданий чөйрөлөрдө кызматташуу үчүн чоң потенциалга ээ экенин белгилеп, өзүнүн бул сапарынын максаты — өнөктөштүктү тереңдетүү экенин ырастады. Галибаф экономикалык кызматташууну негизги артыкчылык деп атап, эки тараптуу сооданы кеңейтүү боюнча аракеттер ийгиликтүү болот деген ишенимин билдирди.
Пакистан Улуттук ассамблеясынын спикери Аяз Садик Пакистан элин жана өкмөтүн колдогону үчүн Иран Ислам Республикасына ыраазычылык билдирди. Ал Иранды Израилдин чабуулуна жооп кайтарганы менен куттуктады жана Пакистан парламенти Израилдин Иранга кол салуусун айыптаган резолюция кабыл алганын билдирди. Садиктин айтымында, Пакистандын көз карашы боюнча, Израиль эки өлкөнүн тең жалпы душманы болуп саналат. Ал: “Иран менен Пакистан — бул чек ара бөлүп турган бир эл”, — деп кошумчалады.
Садик ошондой эле Иран жана Пакистан парламенттеринин достук топтору жакында чогулуп, эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүнүн жаңы стратегиясын иштеп чыга турганын маалымдады. Ал эки өлкөнүн парламенттеринин жогорку деңгээлдеги өкүлдөрү байланыштарды чыңдоо жана биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу маселелерин кеңири талкуулай турганын кошумчалады.



















