Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысы Али Лариджани бул кызматка дайындалгандан кийинки алгачкы чет элдик сапары менен Ирака мамлекетине барды.
Сапардын алкагында, Лариджани Ирактын премьер-министри Мохаммед Шиа аль-Судани менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Аль-Суданинин катышуусунда Ларижани Ирактын премьер-министринин улуттук коопсуздук маселелери боюнча кеңешчиси Касем ал-Аражи менен эки өлкөнүн коопсуздук тармагындагы келишимине кол койгонун “Tasnim” агенттиги билдирди.
“Иран менен Ирактын ортосундагы коопсуздук жаатындагы биргелешкен келишимге Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысы Али Лариджани менен Ирактын (премьер-министринин – ред.) улуттук коопсуздук маселелери боюнча кеңешчиси Касем ал-Аражи кол коюшту”, — деп айтылат агенттиктин билдирүүсүндө.
“Биз Ирак менен коопсуздук келишимин иштеп чыктык, бул абдан маанилүү тема. Ирандын коңшулары менен мамилесине мамилеси ирандыктардын коопсуздугуна көңүл бурганына негизделген, бирок ошол эле учурда Иран мындай маселелерге байланыштуу коңшу өлкөлөргө көңүл бурат”, – деди Багдадга иш сапары менен келген Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысы Али Лариджани.
“Tasnim” агенттиги келишимдин мазмунунун чоо-жайын тактаган жок.
Эске салсак, Ирандын президенти Масуд Пезешкян Ирандын жогорку лидеринин кеңешчиси Али Лариджанини Ислам Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысы кылып август айынын башында дайындаган.
Бул кызматты мурда Али Акбар Ахмадиан ээлеп келген.
Лариджани Ирактан ары Ливанга сапар тартары күтүлүүдө.














